Кыргызстандын Акыйкатчысынын кеңсеси кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан адам укуктары бузулган учурларды каттоого алууда.
Баткен облусунда чек арада жайгашкан райондордон жана Оштун Чоң-Алай районунда аткылоого байланыштуу аргасыздан коопсуз жакка көчкөн жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына байланыштуу омбудсмендин орунбасары Альберт Колопов баштаган адистер мониторинг жүргүзүп жатат.
Чек арада ондогон адамдын өмүрүн кыйган каргашада жабыркагандар 115 ыкчам байланыш номуруна байланышса же Whatsapp аркылуу 0555 00 16 09 номуруна кайрылса болот.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда күйүп кеткен, жоголгон документтерди калыбына келтирүү иштеринин жадыбалы түзүлдү.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардын документтери акысыз калыбына келтире турганын 21-сентябрда билдирди. Маалыматка караганда, Калкты тейлөө борборунун, "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жана Баткен, Кадамжай райондорунун Калкты каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган мобилдик топ айылдарга барып, 1-октябрга чейин тактоо иштерин жүргүзө баштайт.
Каржы министрлигинин 21-сентябрь, саат 15:00гө карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 225 миллион 142 миң 744 сом түштү.
Буга чейин каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке элден чогулган каражат азырынча сарптала электигин айткан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала эсеп боюнча талкаланган үйлөрдүн саны 365 экенин билдирди. Мындан тышкары социалдык объектилер жана аскердик казармалар талкаланган. Чыгымды атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия эсептеп жатат.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, чек арадагы кырдаал боюнча чагымчыл жана жалган маалыматтарды таратуу менен кырдаалды курчутпоого чакырды.
Шаршембиде таратылган билдирүүдө, Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин "чек ара аймактарында кыргыз тараптын күчтөрү жүргөнү, учкучсуз учактар менен аба мейкиндигин бузуп жатканы" тууралуу божомолдору чындыкка дал келбей турганын айтылат.
21-сентябрда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан чектеш аймактарда "чагым аракеттерин улантып жатканы" тууралуу билдирүү тараткан.
Дүйшөмбү ага чейин 19-сентябрда берген расмий маалыматында чек ара жаңжалында 41 жараны каза болгонун билдирген. Анын арасында балдар жана кош бойлуу аял бар. Азырынча алты жаштагы Асмоа Амриддинзаданын жана беш жаштагы Имран Илхамзаданын аты белгилүү болду. "Озоди" балдардын ата-энеси Исфара районундагы Чоркух айлынын жашоочулары болгонун жазды. Маалыматка ылайык, "Таги Сада" мечитинин жанындагы "Тез жардам" автоунаасы жана "Чарбог" көпүрөсү атылганда он адам каза болгон.
Кыргызстан өз кезегинде 59 жараны каза болгонун билдирди. Алардын арасында Элзада Маннанова аттуу 14 жаштагы өспүрүм кыз бар.