Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

20:08 21.9.2022

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта "саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы" айтылат.

12:28 22.9.2022

Саламаттык сактоо министрлигинин 21-сентябрдагы маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда эвакуацияланган үч келин көз жарды. Кадамжай райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Мирлан Эназаров учурда энелердин жана ымыркайлардын саламаттыгы жакшы экенин билдирди.

12:29 22.9.2022

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймактарында кечки саат 21:45ке карата кырдаал тынч экенин президенттин облустагы өкүлү Абикарим Алимбаев билдирди. Ал чек арада атышууга жол бербөө, тынчтыкты сактоо үчүн кошуна өлкөдөгү кесиптештери менен биргелешип иштеп жатышканын кошумчалады. Президенттин өкүлү жарандарды такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

12:33 22.9.2022

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) жумушчу жолугушуусуна катышты. Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыш тууралуу маалымат берип, кырдаал "Тажикстандын кыйратуучу, чагымчыл жана мыйзамсыз аракетинин натыйжасында" кескин курчуп кеткенин айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG