Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан улам коопсуз жакка көчүрүлгөн элге Кыргызстанда жашаган түрдүү этнос өкүлдөрү да гуманитардык жардам жөнөтүп жатат.
20-сентябрда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Милянфан айыл аймагында жашаган дунган тектүү кыргызстандыктар эки фура азык-түлүктү Баткенге жиберишти. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Рустам Бегалиев "Азаттыкка" билдирди.
Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи болгон Рим статуту деген эл аралык келишимди тез арада ратификациялашы керек. Бул сунушту бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев көтөрдү.
Ал кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, “Алып келиңиздер, парламент жактырып берели” деди.
Рим статутуна дүйнөнүн 140ка жакын өлкөсү кол койгон, алардын 124ү ратификациялаган. Кыргызстан бул эл аралык документти ратификациялоодон баш тартканын 2015-жылы ошол кездеги парламент депутаты Наталья Никитенко билдирген.
2021-жылы кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган окуядан кийин кыргызстандык юрист, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева баштаган адистер Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу демилгесин көтөргөн.
Жогорку Кеңеште Баткенге 2021-жылдагы окуяда жабыркагандарга деп элден чогулган акча боюнча маселе көтөрүлдү. Парламенттин 21-сентябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов Лейлек жерине барганда эл «Былтыркы топтолгон 500 миллиондун беш тыйынын да көргөн жокпуз» деп айтып жатканын билдирди:
«Былтыр Баткенде болгон окуядан кийин ошол жерде ӨКМге элден топтолгон жардам боюнча сурап, отчет алышыбыз керек. Элде бир топ ишенбестик пайда болуп жатканын айтышты. Бүгүн жалпы кыргыз эли, жашы, карасы дебей колунан келген акчасын топтоп берип жатат. Ушул акча да эртең туура багытта колдонулса деп айтат элем. Эртең бул жерге алып келип, отчетун бере тургандай кылышыбыз керек. Топтоп берет экенбиз, аягы чыкпай калып жатат».
Соңку окуяга байланыштуу Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп ачкан. Ага, 21-сентябрдагы маалыматына караганда, 197 миллион сом чогулду.
Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен 497,6 сом бөлүнүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди. Кыргызстандын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Талас Айдарбек уулунун айтымында, Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) эфиринде билдиргендей, бул каражат күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармекке жумшалууда.
"Министрлер кабинетине жабыр тарткандарга турак жайларды куруп берүү, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо, аскердик жана социалдык объектилерди жаңы куруу тапшырмасы берилген. Буга бюджеттен кошумча каражат зарыл болууда. Финансы министрлиги жарлыкты аткаруу максатында кошумча булактарды издеп жатат", - деди Айдарбек уулу.
Чек арадагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын Каржы министрлиги атайын эсеп да ачкан. 21-сентябрдагы түшкө чейинки маалыматка караганда, ага 197 миллион сом чогулду. Министрликтин басма сөз кызматы бул каражат коротула электигин "Азаттыкка" билдирди.