Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.
Каржы министрлигинин соңку маалыматына караганда, Баткенде жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 100 миллион сомдон ашуун каражат түштү.
Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат.
- Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады.
- Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн (УВКПЧ) башчысы Ришард Коменда менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашкан.
- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Анын алдында Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптады.
- Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы каргашаны талкуулашты.
Алар АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында 20-сентябрда жолугушканы президенттин сайтына жарыяланды.