Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн чогулган 209 тонна гуманитардык жардам Баткенге жеткирилгенин кабарлады.
Министрликтин маалымат катчысы Алим Токторовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мунун ичинен 150 тоннадан ашыгы таратылып берилди.
"Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган. Анын ичинде Ош облусунда 44, Ысык-Көл облусунда 69, Таласта 17, Чүйдө 12, Жалал-Абадда 12, Нарында 6, Ош жана Бишкек шаарларында бирден", - деди Алим Токторов.
Бишкекте Спорт сарайында гуманитардык жардам чогултуу боюнча Республикалык штаб түзүлгөн. Каржы министрлиги 17-сентябрь, саат 17:00ге карата чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандар үчүн 10 миллион сомго чукул акчалай жардам чогулганын кабарлаган.
Бекмырза Шарабидин уулу 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Лейлектеги "Кулунду" чек ара бекетин аткылоодо курман болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 18-сентябрда Ноокен районундагы өзү туулуп-өскөн Жаңы-Арык айылында жерге берилди.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев Баткен облусундагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.
АКШдагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы баш кеңсесинин алдына чогулуп, Тажикстандын бийлигинен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалды токтотууну талап кылышты.
Чогулгандар дүйнөлүк уюмду чек арадагы куралдуу кагылышууну эл аралык иликтөөгө чакырды. Алар БУУнун Адам укуктары комитетине кайрылуу жасашты.