Казакстандык журналист Назгүл Жарбулова кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган кыргызстандыктарга гуманитардык жардам үчүн акча чогултууда. Ал 1 миллиондон ашык теңге топтоп (2100 АКШ долларына чукул каражат), аны азык-түлүк, дары-дармек алыш үчүн кыргызстандык ыктыярчыларга жөнөткөн.
“Коңшу өлкөдө болуп жаткан трагедияны жөн эле карап туруу мүмкүн эмес. Өз үйүнөн ажырап, тиричилигин таштай качкандарга кийим, тамак, дары керек”, - деди Жарбулова “Азаттыктын” казак кызматына.
17-сентябрдан 18-сентябрга караган түн кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде түн тынч өттү.
Баткенде да, Чоң-Алайда да ок атуулар катталган жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" бүгүн, 18-сентябрда билдирди.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы да түн тынч өткөнүн кабарлады. Мекеменин 18-сентябрь, 08.30га карата берилген маалыматына караганда, Ош облусунун Чоң-Алай районунда жана Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында чыңалган абал сакталып турат.
18-сентябрда кечки саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча жолугушуунун жыйынтыгы маалымдалган жок.
17-сентябрда Тышкы иштер министринин 1-орун басары Нуран Ниязалиев Кыргызстанда аккредитацияланган эл аралык уюмдардын, элчилик жана консулдуктардын жетекчилерине кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөнүндө брифинг өткөрдү.
Анда Ниязалиев куралдуу кагылышта курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондордун абалы тууралуу айтты.
Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында башталган куралдуу кагылышуудан Кыргызстандан кеминде 24 адам мерт болду. 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду.
Тажик бийлиги кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого мүмкүн боло элек.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрь, саат 10:00го карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта мерт болгондордун саны 36 адамга жетти.
"Баткендеги медициналык мекемелерге дагы 12 адамдын сөөгү келип түштү",- деп жазылган маалыматта.
Куралдуу кагылышта жаракат алгандар азырынча 129 адам деп берилүүдө, анын ичинен жети адам үйдөн дарыланууга жиберилген.
Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Исфана шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.