Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

23:16 17.9.2022

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кыргыз-тажик чек арасындагы чыңалууга тынчсыздануу менен көз салып жатат. Ал каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу Гутерриштин маалымат катчысы Стефан Дюжаррик билдиргени уюмдун сайтында жазылды.

Анда Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстан жетекчилерин ок атышууну токтотуп, сүйлөшүүгө чакырган. Ошондой эле эки тарап тең чыңалууну басаңдатууга бардык механизмди колдонушу керектиги айтылат. Уюм маселенин чечүү жолун издөөгө жардам берүүгө даяр экенин белгилеген.

23:16 17.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 21:00гө карата Оштун Чоң-Алай районунда, Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын маалымдады.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, саат 19:00дө Чоң-Алайдын Карамык аймагында кыргыз чек арачыларын аткылоо токтотулду. Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери “Гулистон” (Тажикстан) бекетинде жолугушту. Азырынча жыйынтыгы маалымдалган жок.

01:39 18.9.2022

Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 22:30га карата берген маалыматта кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 129 адам жараат алган. Алардын ичинен жетөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Жаракат алгандардан Бишкекте 79, Баткенде 39, Ошто 4 киши ооруканада дарыланып жатат.

Буга чейин Кыргызстандын бийлиги чек арадагы кагылышууларда кыргыз тарапта 24 адам мерт болгонун билдирген.

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон атышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, жаракат алгандар бар экенин жазды. Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

01:40 18.9.2022

17-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүйлөшүү учурунда министр Кулубаев БУУнун баш катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуулардан каза болгон, жараат алган жайкын тургундар, талкаланган инфратүзүм, үй-жай, мектептер, кыргыз жарандарынын мал мүлкүн талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG