Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 17-сентябрга карата жалпы 5034 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Эвакуация болгондор ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна, калган 4942 жаран жакындардыкына жайгаштырылды.
"Чоң-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган" - деп билдирди ӨКМ.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 18:20га карата Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайрадан чыңалып турганын кабарлады.
Анда “атышууну токтотуу жана чек ара аймактарынан аскер күчтөрдү чыгаруу боюнча келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап Кыргызстандын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок чыгарганы” айтылат. Учурда кыргыз тарап абалды жөнгө салууга аракет кылып жатканы кабарланды.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке акыркы маалымат боюнча 9 млн. 862 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта куткаруу иштеринде жүргөн кызматкери курман болгонун кабарлады.
“Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен каза болгон. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Биздин кызмат өз милдетибизди аткарып жатабыз”, - деди министр.