Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:57
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

11:45 16.9.2022

"Озоди" радиосу саат онго карата чек аралаш аймактарда атышуу уланып жатканын, Reuters агенттигине таянып бир тажик жараны каза болгонун кабарлады."Азия-Плюс" агенттигине шилтеме берип дагы бир тажик чек арачысы каза болгонун билдирди. "Тажикстандын бийлиги азырынча расмий маалымат бере элек" деп белгиледи "Озоди".

Кыргызстандын чек ара кызматы 16-сентябрда таңкы саат 6да башталган атышууда 11 аскер кызматкери жарадар болгонун билдирген.

12:20 16.9.2022

Чек ара: Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты

Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен шаардык жана Баткен райондук жайыт ассоциациясынын башчысы Меңдибай Зикираев кабарлады. Анын ырасташынча, Баткен районунун Булак-Башы жерлигинде дагы атышуу болуп, тажик аскерлери миномет, БМП менен тынымсыз аткылап жатат. Мындан улам Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты. Жарадарлар же каза болгондор тууралуу кабар алуу мүмкүн болгон жок.

12:28 16.9.2022

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылган ондогон адам чогулду. Алар чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда.

Чогулгандардын айрымдары Жогорку Кеңешке кирип, талаптарын айтууга аракет кылып жатат. Митингге чыккандар менен бийлик өкүлдөрү жолуга элек.

12:43 16.9.2022

Баткендеги кырдаалга жараша Бишкектен жана башка аймактардан кошумча дарыгерлерди жиберүү маселеси каралып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда түрдүү профилдеги дарыгерлер чогултулууда. Зарылчылык болсо атайын учак менен жиберилет. Министрлик социалдык тармактардагы "дарыгерлер иш бөлмөсүнөн эле аэропортко жиберилип жатат" деген маалыматтарды жокко чыгарды.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Баткенде соңку жаңжалда жараат алган 18 адам ооруканага жаткырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG