Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык Баткен облусунун аймагында бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттары (ПВР) ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо уюштурууда.
Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн автоунаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатат. Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пунктарына келген жарандар да бар.
Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылып митингге чыккандардын ондой өкүлү парламенттин спикери менен жолугат. Алар учурда имаратка киргизилди.
Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайдын алдында Баткен облусу үчүн гуманитардык жардамдарды чогулткан бирдиктүү борборлоштурулган пункт ачылды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү уюштурган медиа штаб Телеграм-канал аркылуу жарыялады.
Анда чек арадагы жаңжалда жабыркап, коопсуз жайга эвакуацияланган жергиликтүү тургундарга азык-түлүк, тамак-аш, гигиеналык каражаттар, балдарга зарыл болгон буюм-тайымдар керек экени белгиленген.
Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин башчысы Насрулло Махмудзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кескин курчуган кырдаал тууралуу сөз болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар аймакта ок атышууну чукул токтотуп, маселелерди тынч жол менен чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүүсү зарылдыгын айтышты.