Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

11:12 16.9.2022

Жогорку Кеңеш 16-сентябрда саат 12.00до кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жагдайга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулат. Бул маалыматты "Азаттыкка" парламенттин басма сөз катчысы Эркин Каимов "Азаттыкка" ырастады. Бирок Дастан Бекешев өңдүү айрым депутаттар бул жыйын азыркыдай кырдаалда зарыл эместигин, пайдасы тийбесин айтып жатат.

"Азырынча чогулуунун зарылчылыгы жок. Биз эмне кыла алабыз? Тескерисинче жолтоо болушубуз мүмкүн. Тиешелүү түзүмдөр бар, алар бул маселени чечүүгө аракет кылып жатат",-деди Бекешев.

11:19 16.9.2022

11:29 16.9.2022

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу башталды.

УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Чек ара кызматы тараптар кайсы жерде жолукканын тактаган жок.

Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирген. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну макулдашканы менен тажик аны аткарбай жатканын кабарлаган.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар саат 10.00дон тартып ок атышууну токтотууну, жолугуп сүйлөшүүнү макулдашкан. Бирок тажик тарап макулдашууну аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат",-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

11:32 16.9.2022

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды.

Анда кыргыз тарап Тажикстан 16-сентябрда мурда жетишилген келишимдерди бузуу менен, чек арага алдын ала аскерлерин жайгаштырып, куралдуу күчтөрүн, оор аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерин аткылаганы тууралуу айтылган.

Нотада кыргыз тарап Тажикстанды бардык эки тараптуу келишимдерди аткарууга, ок атууну токтотууга, чек арада абал курчуп кетишине алып келүүчү кырдаал жаратпоону талап кылууда.

"Чек арадагы бардык маселелер саясий-дипломатиялык жолдор менен чечилүүгө тийиш" деп жазылган маалыматта.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG