Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" чек арадагы соңку жаңжалда жараат алган 11 адам Баткен облустук ооруканасына жаткырылганын билдирди. Жагдайга байланыштуу аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" көрсөтүү кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын билдирди.
Анда "Кызыл-Бел-автожол" көзөмөл бекетинде Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалып жатканы, ага эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү катышары жазылган.
Кадамжай-Халмион-Баткен багытындагы жол Баткен району тараптагы Развилка деп аталган жерде улам аткылоо болуп жатканына байланыштуу убактылуу жабылды.
Ушундан улам Баткенден эвакуацияланган элди Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу Кадамжайга алып өтүү аракети жүрүп жатканын Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров "Азаттыкка" билдирди.
"Биз Сохтун акими менен сүйлөшүп, Баткенден Кадамжайга Сох аркылуу өтүүчү жолдордун баары аркылуу аялдарды, балдарды, карыяларды алып өтүүгө уруксат алдык. Баткенге 10 чакты бусик жибердик. Сох, Чечме аркылуу жана Ак-Турпак аркылуу адамдар Баткенден келе баштады. Аларды үйлөргө жайгаштырып атабыз".
Баткен-Халмион-Кадамжай багытындагы жол менен келип, Техас аталыштагы аймакта турган 50дөй адамды үйлөргө жайгаштыруу аракети жүрүп жатканын "Кадамжай жардам штабынын" өкүлү Кундузкан Исакова да "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда аталган штаб Кадамжайдын ар кайсы айылдарында 200 чамалуу үйдү даярдаган.
"Бул үйлөр коопсуз жак издеп келген элди кабыл алууга даяр. Тамак-ашын азырынча үй ээлери өздөрү камсыздайт. Айланма жол жабык болгондуктан, Сох аркылуу келгендер да бар экен, аларды да кабыл алып, үйлөргө бөлүштүрөбүз".
Элди коопсуз жакка эвакуациялоо аракеттери Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунда жүрүп жатат. Азырынча жалпы саны тууралуу так маалымат жок.
Лейлектин Кулунду, Максат, Ак-Арык, Интернационал, Кайрагач, Булак-Башы айылдарынын жаш балдар, кары-картаң, кыз-келиндери Маргун айылы жана Сүлүктү шаары жакка жапырт эвакуацияланып жатат. Булак-Башы айылынын тургуну Медер Амировдун айтымында Кайрагачтагы чек ара постунда жана Коргончо жерлиги тарапта атышуулар угулуп жатат.
Баткенде ок атылган аймактардан качкан элдин көпчүлүгү Баткен районундагы Рават айылына жайгаштырылууда. Учурда айылга эвакуацияланган элдин саны 10 миңден ашканын айыл башчысы Бакытбек Турдуев "Азаттыкка" билдирди.
Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирди. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали ок атышууну токтотууну, жолугушуу өткөрүүнү сүйлөшкөнүн кабарлады.