Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:01
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

09:32 16.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда "тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды", - деп айтылат.

"Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө өзгөчө тынчсыздануусун билдирет жана провокациялардын көбөйүп баратканын, тажик аскерлери катары тек-жайы аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууга активдүү катышып жатканын белгилейт. Ошондой эле кыргыз жарандарына жана аскер кызматкерлерине карата ар кандай чыр-чатакты күчөтүүгө багытталган аракеттерди, сабырсыздыктын акыркы чегине жеткирип ар кандай агитацияларды жана идеяларды пропагандалап жатат. Мунун баары чек арадагы абалды турукташтыруу боюнча келишимдерди ачыктан-ачык бузуу болуп саналат жана тажик бийликтери кырдаалды көзөмөлдөй албай жатканын, куралдуу кагылышуулардын күчөшүнө салым кошуп, адам өлүмүнө да, курмандыктарына да алып келүүдө жана эки өлкөнүн жарандык инфраструктурасына зыян алып келүүдө",-деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы тажик тарапты ок атышууну токтотууга жана куралдуу кагылыштарды деэскалациялоого жана биргелешип кайтарылган чек арада тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Тажикстандагы "Хобар" маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматына шилтеме кылып кыргыз чек арачылары таңкы саат 4төн тартып "Дүйшөмбү" чек ара бекетин, айрым калктуу конуштарды аткылай баштаганын жазды.

09:56 16.9.2022

Лейлек районундагы Тажикстан менен чектеш Жаңы-Жер айыл аймагынын бардык айылдарынан, Максат айылынан, Кулунду айыл аймагынан элди коопсуз жактарга эвакуациялоо иши бүгүн, 16-сентябрда саат сегизден тарта башталды.

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты Саатбек Эгембердиевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар Бешкент, Маргун айылдарына эвакуацияланды.

"Максатты да аткылап жаткандыктан, райондун борбору тарапка өтүү мүмкүн эмес. Биздеги маалыматтар боюнча Максат менен Кулундунун эли Исфанага эвакуацияланды".

Эгембердиевдин айтуусунда эвакуацияланган эл туугандарынын үйлөрүнө, мектептерге жана башка коопсуз жайларга жайгаштырылууда.

Элди коопсуз жакка эвакуациялоо аракеттери Баткен облусунун башка аймактарында да жүрүп жатканы кабарланды.

10:20 16.9.2022

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын билдирди. Анда "Кызыл-Бел-автожол" көзөмөл бекетинде Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалып жатканы, ага эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү катышары жазылган.


10:46 16.9.2022

Бүгүн, 16-сентябда чек арадагы соңку жаңжалга байланыштуу Кыргызстандын жана Тажикстандын тышкы иштер министрлери сүйлөштү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анда Жээнбек Кулубаев Сирожиддин Мухриддин менен такай байланышта болуп жатканын кабарлады.

"Кыргыз тарап чек арада жаралган жагдайды саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү керектигин дагы бир жолу белгиледи. Министр Кулубаев соңку жагдайдан улам тажик кесиптеши менен такай байланышта болуп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда саат 9.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG