Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылыш жана бир күн мурун Тажикстан менен кол коюлган протокол боюнча 26-сентябрда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ташиев 16-17-сентябрдагы окуяларды "чек арачылардын жаңжалы эмес, чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстанга жасалган пландуу агрессия" экенин айтты. Ошондой эле кыргыз аскерлери кошуна өлкөнүн чек арасынан өтпөгөнүн белгилеп, жоокерлер Кыргызстандын аймактарын басып алууну көздөгөндөрдөн коргонгонун билдирди.
26-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам коопсуз жакка убактылуу чыгып кеткен 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Бүгүн, 26-сентябрда "Ата Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 16-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон үч аскер кызматкери - Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилектин сөөгү жерге берилди.
Алар аткылоонун натыйжасында танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен. Сөөктөрдү аныктоо үчүн тийиштүү экспертизалар жасалган. Сөөк коюу зыйнатына маркумдардын жакындары, мамлекет башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган жана зыян тарткан турак жайлардын короолорун тазалап, жаңы имараттарды салуу аракети башталды. Бул тууралуу 26-сентябрда "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирип, Баткен районунун Ак-Сай, Капчыгай айылдарына, Лейлек районун Борбордук жана Максат айылдарына министрликтен төрт тайпа адистер тийиштүү техника менен жөнөтүлгөнүн айтты.