Соцтармактарда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды чечүү тууралуу эки тараптуу протокол тууралуу жалган маалымат тараткандар чек арага мобилизацияланат. Мындай көрсөтмөнү Садыр Жапаров коргоо министрине бергенин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Президент “Кыргызстан чек ара бекеттерин алып салды, жерлерибизди берип салды” деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын “резервдик ротага” мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла” деп тапшырганын жазды Султанбаев.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга борбор калаа тургундары тарабынан 26-сентябрга карата жалпы 552 563 сом чогултулуп, жиберилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта акчалай каражаттан сырткары 12 357 кг ун, 49 311 кг шекер, 3095 литр өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк, гигиеналык жана медициналык каражаттар, дары-дармек, кийим-кече жөнөтүлгөнү айтылды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 250 млн. сомго чукул каражат чогулган.
Куралдуу жаңжалда чек ара аймагындагы 613 үй, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учураган. Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы айрым чек ара бекеттерин алуу боюнча эки тараптын макулдашуусу тууралуу түшүндүрмө таратты.
25-сентябрда "Кызыл-Бел-автожол" чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК төрагалары жана бир катар тиешелүү мекеме жетекчилери, Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облусунун башчыларынын жолугушуусу өткөн.
"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын УКМК төрагасы генерал-лейтенант К. Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы С.Ятимов кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюшту",-деп айтылат расмий маалыматта.
Протоколго ылайык, Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алып сала турган болду. Кыргызстан "Тамдык" бекетин алса, Тажикстан тараптан "Бедак" чек ара бекети, кыргыз тараптан "Булак-Башы" жана тажик тараптан "Кех" постторун, кыргыз тараптан "Катта-Туз" жана тажик тараптан "Каракчикум" посттору, Чайхана жерлигиндеги кыргыз тараптын "Ак-Сай" жана Кожалыдагы (Хожаи Аъло) тажик тараптын "Шаршара" бекетин алып салууну жана чек араны коргоо бөлүктөрүнүн эч кандай түрүн койбоону макулдашкан.
УКМК кабарлагандай, кыргыз-тажик чек арасын кайтаруу кыймылдуу чек ара кезметтери менен жүргүзүлөт. Алар чек араны бойлой көрсөтүлгөн жана макулдашылган маршруттар боюнча так жүрөт.
Ал эми эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтерине "Тамдык" - "Бедак", "Булак-Башы" - "Кех" чек ара бекеттери турган жерлерде айдоо иштерин жүргүзүү тапшырылган.
Ошондой эле тараптар жаңжал көп чыккан тилкелерге видеокөзөмөл камераларын орнотууну паритеттик негизде макулдашты.
УКМК кыргыз-тажик чек арасындагы жогоруда аталган бекеттер жайгашкан тилкелерде эл жашабайт деп белгилөөдө.
Чек ара кызматы маалымдагандай, протоколго ылайык биргелешкен жумушчу топтун чек ара аймактарынан кошумча күчтөрдү чыгарып кетүү иши уланат.
Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы сегиз чек ара постун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Кыргыз өкмөтү түзгөн Медиа штаб кабарлагандай, мындай чечим Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун 25-сентябрдагы жолугушуусунда кабыл алынды.
Баткен районундагы “Кызыл-Бел” көзөмөл өткөрмө жайындагы жолугушууда кабыл алынган чечимдер менен кол коюлган протокол тууралуу Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымат берди.
“Конфликтке алып келген негизги постторду алып салдык. Биринчиден, Тажикстан тараптан “Бедак”, Кыргызстан тараптан “Тамдык” чек ара посту толук алынат. Ал жерде аскер кызматкерлери да, жөнөкөй адамдар да болбойт. Экинчиден, Кыргызстандан “Булак-Башы”, Тажикстандан “Кех” бекети толук алына турган болду. Үчүнчү Тажикстандан “Карачикум”, Кыргызстандан “Катта-Туз” чек ара бекети алынат жана бир да аскер, жөнөкөй жарандар болбойт. Андан тышкары, Кыргызстандан “Дача”, Тажикстандан “Шаршара” посту алынат. Ошентип, эки өлкөдөн төрттөн пост алынып, мурдагы конфликттерди жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү”.
Камчыбек Ташиев мындан тышкары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын ишин тездетүү тууралуу сүйлөшүү болгонун кошумчалады.