Түштүк Кореянын борбору Сеулда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу 25-сентябрда тынчтык акциясын өткөрүштү. Социалдык тармактарга коюлган видеолорго караганда, акцияга 20 чакты киши катышкан. Алар "Баткен, биз сиз менен!", "Баткенге тынчтык!" деп кыйкырып, согушка каршы экенин билдиришти.
Сеулдагы кыргызстандыктар ушундай эле өңүттөгү акцияны 22-сентябрда дагы өткөрүшкөн.
Ушундай эле тынчтык акциялары буга чейин Европанын бир катар шаарларында өттү.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин ишембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы «аскердик агрессияда» 40 тажик жараны каза таап, 200дөй киши жараат алганын билдирди.
20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун жогорку трибунасында туруп, 14-17-сентябрда ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган.
Коңшу өлкөнүн башкы дипломаты өз сөзүндө Тажикстан менен Кыргызстандын чек араны чечүүдөгү 30 жылдык тарыхына токтолуп, ондогон протоколго кол коюлганын белгиледи. «[Кыргызстанда - ред] Бийликтеги саясий күчтөр алмашкан сайын бул документтер кайра каралып, ал тараптын кызыкчылыгына жооп берген жоболор гана аткарылат” деп сындады.
«Бүгүнкү күнгө чейин эки тарап чек аранын 602,5 чакырымга чейинкисин макулдашып, долбоорду даярдоого жетишти. Бул жалпы чек аранын 61% жакынын түзөт» - деди Мухриддин.
Ал Тажикстан эл аралык тажрыйбага таянып, “коңшуларга чек аранын тийиштүү тилкелери боюнча келишимге кол коюп, көп жылдык эмгектин жыйынтыгын юридикалык жактан бекитүүнү сунуштаганы менен биздин коңшулар андай сунуштан кескин баш тартып жатат” – деди.
Президент Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында былтыр кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан кийин чек араны чечүү үчүн Дүйшөмбүгө барганын, бирок “ал жолугушуудан эч майнап чыкпаганын” айткан.
Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.
Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. 140 миңден ашуун тургун коопсуз жайларга чыгып кетүүгө аргасыз болду.
Тажик бийлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады.
Курмандыктар жана жаракат алгандар, кыйраган турак жай, имараттар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.
Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнө кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон Ички иштер министрлигинин (ИИМ) аскер кызматкерлеринин сүрөтү илинди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта баннерлер милициянын улук сержанты Дурус Каныбек уулунун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдун, катардагы жоокер Айбек Абдилабековдун жана Атайын багыттагы полкунун кызматкери, ага сержант Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналганы белгиленген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш учурунда эвакуация болгондордун айрымдары Ысык-Көл районунун санаторий-пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, “Ак Бермет” пансионатына 20 адам, “Көгүлтүр Ысык-Көлгө” - 4, “СОС” балдар үйүнө 20, “Кыргыз Деңиз” санаторийине 48 адам, “Алтын Балалык” реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылындагы турак үйгө 11 адам жайгаштырылды. 30у өз каалоосу менен туугандарынын үйлөрүнө кетишкен. Жалпысынан чек арадагы жаңжалдан улам үй-жайын таштап качкандардын 169у Ысык-Көлгө жеткирилди. Аларга жергиликтүү бийлик ысык тамак уюштуруп, элден чогулган жардамды таратып берүүдө.
ӨКМ кординациялоо иштерин жүргүзүп жатат.