Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

12:18 21.9.2022
  • Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады.
  • Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн (УВКПЧ) башчысы Ришард Коменда менен жолугушту. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашкан.
  • Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Анын алдында Садыр Жапаров Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптады.
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
18:24 20.9.2022

Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат.

18:24 20.9.2022

Баткен облусуна республикалык бюджеттен 497,6 миллион сом бөлүнгөнүн 20-сентябрда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Бул акча куралдуу кагылыштын кесепеттерин жоюуга жана оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшалат.

Каржы министрлигинин соңку маалыматына караганда, Баткенде жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн ачылган атайын эсепке 100 миллион сомдон ашуун каражат түштү.

18:23 20.9.2022

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 20-сентябрь, саат 15:00дө берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алып ооруканага кайрылгандардын саны 198ге жетти. Алардын 26сы үйүнөн дарыланууга жиберилген. Министрликтин маалыматына караганда, 104 жабырлануучу Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларына которулган. 68 бейтап Баткен облусундагы бейтапканаларда жатат.

  • Улуттук госпитал – 75 жабырлануучу;
  • Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу;
  • Тез медициналык жардам ооруканасы – 9 жабырлануучу;
  • Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG