Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.
"Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жабыркады", - деди ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 20-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып.
Баткенде тажик тараптын кол салуусу учурунда жардырылганы айтылган көпүрө убактылуу калыбына келтирилип, кыймыл кайра жанданды. Бул тууралуу 20-сентябрда транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди.
“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тажик аскерлери жардырган көпүрө ушул 36 метрлик, Ак-Сайга кеткен көпүрө. Көпүрө аркылуу жүрүү мүмкүнчүлүгү чоң машиналар үчүн да, жеңил машиналарга да бар”, - деди Тиллаев.
20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы аталган аймактарда жарылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандыруу ишине киришти.
Зыянсыздандыруу учурунда аймак бөгөлөт жана кайтарууга алынат. Чек ара кызматы чек ара аймактарындагы элди бейпилдикти сактоого, ар кандай чагымдарга алдырбоого жана бардык маалыматтарды жергиликтүү чек ара кызматтарынан тактоого үндөөдө.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 20-сентябрь, саат 8:00гө карата кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде кырдаал туруктуу, түн тынч өткөнүн билдирди.
Чек ара кызматынын аймактагы аскерлери чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууну улантууда.
Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен жумушчу комиссиясы аймакта кырдаалдын чыңалуусуна жол бербөө жана мурда жетишилген макулдашууларды, анын ичинде кошумча алып келинген күчтөрдү чек арадан алып кетүү боюнча келишимдин аткарылышын көзөмөл кылып жатат.