Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:28
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

22:15 19.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта туткундалган кыргызстандык төрт аскер кызматкери бошотулуп, мекенине кайтарылды. Алар эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында кайтарылганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге маалымдады.

"Барымтада турган төрт жоокерибизди алып чыктык. Төртөө тең аман-эсен. Бирөөнүн бутунда бир аз жаракат бар экен. Азыр баарын ооруканага толук текшерүүгө алып кетти, эртең туугандарына өткөрүп беребиз", - деди Камчыбек Ташиев.

22:15 19.9.2022

Каржы министрлигинин 19-сентябрь, саат 17:30га карата берген маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 70 миллион 409 миң сом түштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын каржы министринин орун басары Улан Даникеев 19-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди.

22:15 19.9.2022

Кыргызстандын Бириккен демократиялык кыймылы (БДК) Сох анклавы аркылуу гуманитардык коридор ачып бергени үчүн 19-сентябрда Өзбекстандын элине жана бийлигине ыраазычылык билдирген кайрылуу таратты.

"Бул коридор аркылуу өзбек мамлекети кыргыз жарандарынын өмүрүн жана ден соолугун сактап калууга чоң салым кошту. Бириккен демократиялык кыймыл Өзбекстандын элине, президенти Шавкат Мирзиёевге, өкмөтүнө жана чек ара кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирет", - деп жазылган кайрылууда.

22:14 19.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалда Кыргызстан тараптан 40 аскер кызматкери каза таап, 70тен ашууну түрдүү жаракат алганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 19-сентябрда журналисттерге билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG