Баткенде жараат алган 164 адамдын 12си балдар экенин 19-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди. Анын айтымында, калган 129у эркектер, 13ү аялдар.
Жараат алгандардын 42си Баткендин, 96сы Бишкектин, алтоо Оштун ооруканаларында, 20сы үйдөн дарыланууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен районунун Ак-Сай айылында эле 180 үй өрттөнгөн. Кыргызстандын президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда журналисттерге билдиргендей, Ак-Сайдагы үйлөрдөн тышкары социалдык обьектилер да талкаланып, өрттөнгөн.
"Быйылкы жаңы окуу жылына карата Ак-Сайда жаңы бала бакчаны пайдаланууга бердик эле. Ошол бакчаны жана мектепти да аткылап, талкалашкан. Биздин Көк-Таш - Тамдык жолундагы көпүрөнү да атайын жардырышты. Мындан тышкары мал-жандыктар уурдалган", - деди Алимбаев.
Баткенде Чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” отрядынын прапорщиги Илимбек Мурзаевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу 19-сентябрда “Азаттыкка” анын атасы Манас Абдраимов билдирди.
Баткен шаарынын тургуну, 27 жаштагы Мурзаев кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда Ак-Сай аймагында чогуу кызмат өтөгөн аскерди калкалап жаткан учурда жанына снаряд түшүп, курман болгон.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы "кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси ("Тынчтыкка каршы кылмыштар") менен кылмыш иши козголду" деп билдирди. Баткен облусунда мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзөрү кабарланды.