Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги "Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин" 19-сентябрда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Иманкулов Баткендеги окуяны "тажик тараптын агрессиясы жана кылмышы" деп атап, жеринде тийиштүү органдардын өкүлдөрүнөн турган ыкчам тергөө топ иштеп жатканын, бардыгы видео жана фото фиксация болгонун кошумчалап, Кыргызстан маселени дипломатия жолу менен гана чечүүнү көздөрүн кошумчалады:
“Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөрдүн элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга объективдүү маалымат берип жатат. Биз эл аралык коомчулукка алып чыгабыз болгон маселени. Эл аралык териштирүү болсо ага да даярбыз. Анткени биздин аларга кол салуу оюбуз жок болчу, бизге бирөөнүн жеринин бир метр да кереги жок. Маселени күч менен чечели деген ниетибиз жок. Өкмөт аралык комиссия иштесин. Эртең керек болсо эл аралык деңгээлге алып чыгабыз. Иш жүрүп жатат. Мамлекеттик комиссия иштөөдө”.
Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, бирок оор экенин 19-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
“Кырдаал оор жана стабилдүү. Бүгүнкү күндө “толук коопсуз болду, үйүңөргө кайткыла” деп айта элекмин. Оор техниканы чек арадан алып кетүү процесси жүрүп жатат, коңшулар менен кошо. Кээ бир жерде өтө оор жүрүп жатат. Түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Ошол комиссиянын жыйынтыгы менен 1-2 күн ичинде толук коопсуз болгондон кийин гана элди кайра алып келгенге аракет кылабыз”.
ИИМдин басма сөз кызматы Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлүп жатканы тууралуу билдирди.
Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары коомдук тартипке күнү-түнү көзөмөл кылып жатканы маалымдалды.
Баткенде зыян тарткан мектептерде окууну улантууга азырынча мүмкүн эмес
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам зыян тарткан ондогон мектептерде окууну улантуу мүмкүн болбой турат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, Лейлек районунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 26 мектепте, 30 бала бакчада, Баткен районундагы 8 мектепте жана бир бала бакчада, Баткен шаарындагы бардык мектептерде окуу процесси баштала элек.
Жусупбекова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде берген маалыматка ылайык, Баткен районундагы сегиз мектептин жана бир бала бакчанын терезелери, чатырлары талкаланган. Лейлекте канча мектеп зыян тартканы такталып бүтө элек. Министрдин орун басары калабада жарадар болгондордун арасында мугалимдер да бар экенин билдирди.
Лейлекте 40 мектеп менен 23 бала бакча 19-сентябрда ачылды. Кадамжай районунда, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында бардык мектептер ушул күнү окууну баштады. Ош облусунун Чоң-Алай районунан коопсуз жака убактылуу көчүрүлгөн эл үйлөрүнө кайтып бара электигине байланыштуу беш мектеп жабык турат. Жергиликтүү тургундарды үйлөрүнө кайтаруу боюнча бийликтин чечимине жараша окууну улантуу датасы аныкталат.