Баткен облусунун элин колдоо эсебине 19-сентябрь саат 10:00гө карата 26 миллион 72 миң 750 сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстадын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү бардык аймактарда уланып жатат.
Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган.
Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышка байланыштуу аза күтүү күнүндө билдирүү жасады. Анда мекен чегинде мерт болгон жоокерлерди баатыр деп атап, алардын эрдигин эл унутпасын айтты жана ата-энелерине таазим кылды.
Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салууда бери дегенде 59 адам мерт болду. Саламаттык сактоо министрлиги куралдуу кагылышта жарадар болгондордун жалпы саны 163 болгонун билдирди.Жаңжалдан улам чек арадагы кыргыз айылдарынан 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.
Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.
Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.
Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусу:
Баткендеги соңку чек ара жаңжалынын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 обьект талкаланды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы, соңку куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, учурда комиссия ишин баштап, жаңжалда келтирилген чыгымды эсептеп жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы комиссия куралдуу кол салуу учурунда каза болгон аскерлер жана жайкын тургундарга материалдык жардам көрсөтүү ишин да уюштуруп жатканын кошумчалады. Анын көлөмү кийинчерээк белгилүү болот.
Буга чейин президент Садыр Жапаров "Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эки облуста болгон куралдуу кагылыштан жабыр тарткандарга жардам берүү, талкаланган обьекттерди калыбына келтирүү өкмөткө тапшырылган.
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон беш кишинин тек-жайы тактала элек. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Жаркынбек Касымбеков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирип, сөөктөр өлүкканада экенин кошумчалады.
Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Баткенде жабыркагандарга дары-дармектер, кан жеткирилгенин билдирип, кан запасын чогултуу уланып жатканын айтты.