Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда мерт болгондордун саны 59га жеткенин билдирди. Алардын бири 14 жаштагы окуучу кыз. Чек аралаш аймакта 144 киши жараат алганы маалым болду.
Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтөт.
Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.
Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.
Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин Бишкек баштаган бардык аймактарда чогултулган, Баткенге жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды бөлүштүрүү, анын эсеп-кысабын алуу үчүн атайын комиссия иштеп жатканын билдирди. Ал бул тууралуу 19-сентябрда "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты.
Баткенде жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы Айбек Бийбосуновдун билдиришинче, азырынча айрым чек арадагы айылдарга жол жабык турганына байланыштуу гуманитардык жардам толук жете элек.
Каржы министрлигинин 18-сентябрдагы кечки саат 18:00гө карата маалыматына ылайык, Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярчылар ачкан атайын эсепке 18 миллион 175 миң 38 сом түштү.