Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевдин "Азаттыкка" билдиришинче, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Алардын баары жекшембиде табылды.
"Тоо тарапты көздөй качып кетип, ошол жакта бекинип жаткан экен. "Биз аларды бекинген жерлерден таптык. Аларга тик учак жөнөтүп, эавкуация жумуштарын жүргүзүп, Баткенге түшүрүп алдык", - деди министр.
Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан мерт болгондордун саны 59 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 14 жаштагы окуучу кыз.
Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрда саат 22:30га карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 144 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жараат алгандардын 102си Бишкек менен Ош шаарындагы ооруканаларда жатат. Жети адам амбулатордук дарыланууда.
Баш-аягы 140 миңден ашуун тургун коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Раззаков шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.
Тажикстандын бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын маалымдады. Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.
Кыргызстан чек арадагы окуяны Тажикстандын "куралдуу агрессиясы" деп баалады
Жекшембинин кечинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атады.
"Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринен улам 18-сентябрга карата Кыргызстандын 59 жараны курман болуп, 144 киши жараланды. 140 миңден ашуун адам аргасыз эвакуацияланды. Эбегейсиз материалдык чыгым келтирилди. Душанбенин "Тажикстан республикасына карата куралдуу агрессия жасалды" деген негизсиз билдирүүсүн жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга арта салууну көздөгөн суу кечпеген аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси "тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагында агрессия баштаганын, ошондой эле өзүм билемдигин жана кылмышын" күбөлөгөн фото-видео материалдар бардыгын, керек болсо аны көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген.
"Тажикстан тарабынан өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, мамлекеттик чек араны бузбоо, талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күчкө салып коркутпоо, адам укугу жана эркиндигине шек келтирбөө сыяктуу БУУнун уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген негизги эл аралык принциптер одоно бузулду", - деп айтылган билдирүүдө.
Бул билдирүүдө Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр экенин да белгилеген.
Мындан бир нече саат мурда Тажикстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды ушундай эле айыптаган билдирүү жарыялаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгон 28 жаштагы Эламан Ураимовдун сөөгү 18-сентябрда Кара-Суу районундагы өзү туулган Савай айылында жерге берилди.