Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу бүгүн, 17-сентябрда кайрылуу жасады.
Мамлекет башчы куралдуу чыр-чатакта Мекен чегинде курман болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, ал маркумдар бүткүл Кыргызстандын сыймыктуу уул-кыздарына айланганын белгилеген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү үчүн Жалал-Абад облусунун аймактарында 13 штаб иш алып барууда.
16-сентябрда Жалал-Абад облусундагы өкүлдүн резервдик фондунан 5 тонна ун, 5 тонна күн карама майы, 3 тонна күрүч, 3 тонна кумшекер Баткенге жиберилди. Мындан сырткары шаар мэриясы жана ыктыярдуу демөөрчүлөр тарабынан да азык-түлүк жыйналууда.
Учурда облустун райондорунда да гуманитардык жардам жыйноочу түйүндөр иштеп жатат. Жалпы чогулган жардам 17-сентябрда түштөн кийин Баткенге жөнөтүлөт.
Баткенге жиберилүүчү жардамга Сузактын Калмак-Кырчын айылындагы Курманбек баатырга арналган Республикалык айтыштын 1 млн. сом байге акчасы да кошулду. 17-сентябрга белгиленген айтыш болбой калды. Чек арадагы жаңжалынан каза болгондорго жана Курманбек Баатырга багышталып куран окулгандан кийин байге фондго бөлүнгөн 1 млн. сомду жана иш-чарага даярдалган азык-түлүктүн баарын Баткенге жөнөтүү чечими кабыл алынды.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 9:00го карата берген маалыматта чек арадагы куралдуу кагылышта 103 адам жараат алган. Алардын ичинен бешөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.
Жараат алгандардын басымдуусуна ок жана снаряддын чачырандысы тийгени айтылууда.
Ушул тапта алардын ичинен Баткен облустук аймактык ооруканасында 41 адам, Лейлек райондук ооруканасында 21, Кулунду айыл аймагынын ооруканасында үч, Сүлүктү шаардык ооруканасында алты, Улуттук госпиталда 20, Улуттук хирургия борборунда бир адам, Балдардын республикалык ооруканасында алты бала дарыланууда.
Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга кан берүүнү каалаган жарандар көп болуп жатканына байланыштуу Бишкектеги Республикалык кан борбору дем алыш күндөрү да штаттык режимде иштейт.
Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Бакыт Карабаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда бүгүн, 17-сентябрда 122 адам жана 100дөн ашуун аскер кан тапшырды. Анын айтуусунда учурда кан запасы жетиштүү.
Саламаттык сактоо министрлиги бардык облустардагы кан борборлору дем алыш күндөрү да иштеп жатканын билдирди.
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 103 адам жарадар, 24 адам каза болгону расмий кабарланды.
Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме кылып, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 10 чакты адам мерт болуп, көптөгөн адамдар жаракат алганын, бирок бул маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын жазды.
Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн болгон жок.