Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

12:08 17.9.2022

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 11:15ке карата тажик тараптан Баткен облусунун Достук айылы минометтук аткылоого кабылганын билдирди.

Мекеме тараткан маалыматта "тажик тарап эки ортодо жетишилген макулдашууларга карабай, Достукту үч миномет менен аткылап жатканы" айтылат.

Тажикстан тараптан аткылоо боюнча расмий маалымат бериле элек.

11:11 17.9.2022

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чек арадагы соңку куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткенден 136 миңден ашык киши коопсуз аймакка эвакуация болгонун кабарлаган. Кадамжайда жана Ошто Баткенден эвакуация болгондор үчүн үйлөр даярдалганын жергиликтүү штабдар маалымдашты.

Алар негизинен Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү, Раззаков шаарынын тургундары.

10:50 17.9.2022

Евробиримдик Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу билдирүү жасады. Анда жабыркагандарга көңүл айтып, мындай чатак жалпы аймактагы кырдаалдын туруксуздугуна алып келери белгиленген.

"Евробиримдик жума күнү тараптар жетишкен макулдашууларды кубаттайт. Биз эки тарапты тең ок атууну токтотууга, чыңалууну басаңдатуу үчүн мүмкүн болгон аракеттерди кылууга, маселени тынч жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз" деп жазылган билдирүүдө.

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау жана уюмдун баш катчысы Хельга Шмид 16-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөштү. Анда эл аралык уюмдун жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды тереңдетпөө жана аны тынч жол менен чечүүгө чакырышты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кагылышка байланыштуу башка бир катар мамлекет башчылары да кабатырлыгын билдиришүүдө.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар кабатырлануу жаратканы тууралуу билдирүү жарыялады.

10:20 17.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасында өткөн түн тынч өттү. Бирок Улуттук коопсуздук комитети абалды курч катары сыпаттап жатат. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантарын кабарлоодо. Чек арадагы соңку кырдаал жөнүндө Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" учкай маек курду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG