Улуттук коопсуздук комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы 17-сентябрь, саат 03.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч бойдон экенин билдирди. Мекеме эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабалы Рахмонали түнкү саат 12де Тажикстандын “Гүлистан-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жолукканын, анын соңунда айрым чечимдер кабыл алынганын кабарлады.
“17-сентябрдын түнүнөн саат 09.00го чейин Чек ара кызматынын облустук башкармалыктары чек арадагы чагымдын жана ок атуунун алдын алуу иштерин уюштурат. Атайын кызматтын жана укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн башчылары кирген биргелешкен ыкчам штабдын ишин координациялоо үчүн "Гүлистан-автожол" бекетинди ишин улантат”,-деп жазылган маалыматта.
Тажик тарап бул сүйлөшүү тууралуу расмий маалымат тарата элек.
Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жараат алгандар, мерт болгондор тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 24 адам мерт болуп, дагы 87 киши жарадар болду. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн билдирген эле.
Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирген. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.
“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасында жоготуулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганга аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, - деди Ташиев.
Расмий маалыматта Тажикстан тараптан аткылоо уланып, айрым аймактарда тынымсыз атышуу болуп жатканы айтылат. Чек ара кызматынын маалыматында, тажик аскерлери саат 22:20да "Тамдык" чек ара бекетин аткылаган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап кошумча аскер күчтөрүн тартып жатканын маалымдады.
Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат кызматы эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай, кыргыз тарап аскер техникасы менен Гафуров районунун, Ворух жана Чорку, Исфара шаарларын аткылап жатканын кабарлады.
"Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.
Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрь, саат 23.30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алгандар тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, кеминде 87 адам жараат алганы, алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлүп, калгандары ооруканага жаткырылды.
Мунун алдында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы соңку кырдаал тууралуу маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирди. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.
Саламаттык сактоо министрлиги 15 жаштагы өспүрүм кыздын каза болгонун тастыктаган.
Ал эми Тажикстан жоготуулар тууралуу расмий маалымат тараткан жок. "Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жаракат алгандар да бар экенин жазды.
Тажик бийлиги расмий комментарий бере элек. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.