Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча маалымат берип, ок атышуу токтогонун, бирок кырдаал оор бойдон калып жатканын билдирди. Ал чек арадагы куралдуу кагылышууда кыргыз тараптан аскерлер арасында жоготуулар көп болгонун белгилеп, так санын айткан жок.
“Жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. Азыр канча жоготуу болгонун тактап жатабыз. Тилекке каршы, жоготуулар жана жаракат алгандар көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготуулар аз болду. Андан сырткары бир нече айылды басып алганда аракет кылышты. Эки тараптан тең көптөгөн үйлөр өрттөндү. Азыр айылдардагы маселени чечип жатабыз. Азыр эки айылыбыз калды”, - деди Ташиев.
Тажикстан жоготуулар тууралуу расмий маалымат тараткан жок. Бирок Reuters агенттиги тажик тараптан бир жайкын тургун мерт болуп, дагы үч адам жараат алганын өз булактарына таянып билдирди. Тажик бийлиги бул маалыматты ырастай элек.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу жыйыны боюнча маалымат берди. Анда Иманкулов Баткендеги чек арага жакын аймактагы жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана аймакты бекемдөө тапшырмасы берилгенин кабарлады.
“Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, аймакты бекемдөө максатында керектүү тапшырмалар берилди. Тажикстандын аскерлеринин ок чыгаруусунда биздин жарандардын арасында каза болгондор, жаракат алгандар бар. Алардын санын тактап маалымат беребиз. Тынчтык жолу менен чечели деп аларга көп жолу кайрылдык. Алар токтотууга буйрук берип жатабыз деди. Бирок, чек арадагы аскерлери ок атууну токтоткон жок”, - деди Иманкулов.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам саат 21:00гө карата Баткенден 136 миңден ашык киши коопсуз аймакка эвакуация болгонун кабарлады. Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун жана Раззаков шаарынын тургундары.
Министрликтин маалыматы боюнча, элди көчүрүү иштери таңкы саат 6:00 чамасында башталган. Калкты эвакуациялоо иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурууда. Мындан тышкары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн автоунаалары менен коопсуз аймактарга чыгып кетишүүдө.
Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2800гө жакын киши Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуация болду.
Жарандык коргонуу кызматы Баткен облусунда эвакуациялангандарга тамак-аш, тазалык каражаттарды жана жууркан-төшөктөрдү жеткирүүдө. Ушул тапта Бишкекте беш жерде жана Ош шаарынын мэриясында гуманитардык жардам чогултуучу жайлар ачылды. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) дүйнөлүк азык-түлүк программасы 400 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан чукул жыйынга чогулушту. Мындай маалыматты «Азаттыкка» парламенттеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурлан Шакиев ырастады. Жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку абал талкууланууда.
Кырдаалга жараша Баш мыйзамда көрсөтүлгөн чечимдерди кабыл алуу маселеси каралууда. Анын алдында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн.
Буга чейин Жогорку Кеңеш 16-сентябрда эртең менен чукул жыйынга чогулуп, Баткендеги абалды талкуулаган эле.