Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу “Кабар” улуттук агентиги кабарлады. Ал жыйында бардык жогорку бийлик жана күч органдырынын жетекчилери катышууда.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Баткендеги кыргыз-тажик чек чатагында 14 жаштагы кыздын каза болгонун тастыктады.
“Баткен облусунан алынган ыкчам маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат такталууда. Кошумча маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик саат 18:00гө карата чек арадагы куралдуу кагылышта жараат алгандардын саны 55ке жеткенин маалымдады. Алардын үчөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Алардын көбү денесине ок тийгендер жана жарылуудан жараат алгандар. Жалпы жабыркагандардын ичинен жетөө аял, беши балдар. Баткен облустук бириккен ооруканасында 23, Лейлекте 22, Кулундуда үч, Улуттук госпиталда үч, Улуттук хирургия борборунда бир бейтап дарыланып жатат.
Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунан, Баткен шаарынан эвакуацияланган элди кабыл алып, үйлөргө жайгаштыруу уланып жатканын Кадамжай шаарынын мэри Бакытбек Бегалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда эвакуацияланып келгендерге шаар борборундагы ашканаларда ысык тамак уюштурулган.
"Атайын 3-4 ашкана-кафелерде ысык тамак берип, андан кийин үйлөргө жайгаштырып жатабыз. Жалпысынан 11 миңге жакын адам үйлөргө жайгашты. Аларды чоң жолдун боюнан эле адамдар өздөрү "Үй бар" деген жазуу менен тосуп алып, бөлүп кетип жатышат. Көпчүлүгү балдар, аялдар жана карыялар", - деди Бегалиев.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында абал саат 18:30га карата чыңалган бойдон турганын маалымдады. Мекеме Тажикстан ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп Лейлектин Кулунду жана Жаңы Жердеги калктуу конуштарды кайрадан аткылап жатканын кабарлап “тажик тарап Баткен районунда ракеталык системаны колдонду” деп айыптады.
Азырынча Тажикстандын расмий органдары айыптоолорго жооп бере элек.
16-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашкан. Эки өлкөнүн жетекчилери Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин аянтында жолугушкан.
Ага чейин Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлаган. Ал атышуу 1-2 саатта толук бойдон токтотуларын айткан болчу.