Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36
Ак-Сай айылы.
Ак-Сай айылы.

Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Бишкек Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 63 адам мерт болгонун, 198 киши жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрдан бери 41 тажик жараны каза тапканын билдирди, бирок алардын канчоо аскер, канчоо жай тургун экенин тактаган жок. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Канча киши жарадар болгонун көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

Кыргызстандын жана Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптады.

17:12 16.9.2022

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия боюнча баяндамачы Брюс Панниер "Азаттык" менен маегинде чек ара жаңжалдарын чечүүдө Шанхай кызматташтык уюмунун ролуна жана эки өлкөнүн тең чыр-чатакта курал кодонуп жатканы канчалык кооптуу экенине токтолду.

17:09 16.9.2022

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу жөнүндө Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен сүйлөшкөнүн кабарлады. Атайын кызматтын башчысынын видеосун Region телеканалы жарыялады.

“Азыр Тажикстандан чыктым. Гүлистан, Исфара шаарларына барып, алардын жетекчилери менен жолугуп келдим. Ятимов Саймумин Сатторович жана бардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугуп, ок атууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Азыр комиссия түздүк. Ага Баткен облусунун губернатору, милиция, УКМК башчысы, Чек ара кызматынын жана ИИМдин башчыларынын орун басары кирди. Азыр Кызыл-Бел чек ара бекетинде ишти башташты. Атышууну токтотуу боюнча биз бардык жерге команда бердик. 1-2 саатта толук бойдон токтотобуз деп ойлойм”, - деди Ташиев.

16:57 16.9.2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" учкай маек курду.

16:30 16.9.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG