Саламаттык сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 15:00гө карата берген маалыматы боюнча Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандардын саны 42 адамга жетти.
"Жараат алган 42 адамдын 19у Баткен облустук аймактык ооруканасында, Лейлектеги райондук ооруканада 18, беш адам Бишкекке жеткирилди. Жараат алгандар жана алардын саламаттыгы тууралуу маалымат кийинчерээк берилет", - деп жазылган маалыматта.
16-сентябрда Бишкектен Баткенге үч медициналык бригада учуп кетти. Алардын ичинде түрдүү профилдеги хирург, анестезиолог-реаниматолог жана башка адис дарыгерлер, медициналык кызматкерлер бар.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов парламент имаратынын алдына чогулгандарга сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров саат 5те кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жыйынга чогултарын маалымдады.
Бүгүн, 16-сентябрда Ак үйдүн алдына ондогон адам чогулуп, чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Раззаков шаарынан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда.
Республикалык кан борбору кыргызстандыктарды кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берүүгө чакырды.
Ага ылайык, каалоочулар Бишкектеги жана башка бардык облустардагы кан борборлоруна барып, тапшыра алат. Жарандардын жанында паспортун же тек-жайын ырастаган башка документи болууга тийиш.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда саат 13.00гө карата жалпысынан бери дегенде 31 адам жараат алып ооруканага түшкөнүн, алардын саламаттыгы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Мекеме аймактагы медициналык жайлар, "Тез жардам" кызматтары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн, ооруканаларда кандын запасы, дары-дармек жетиштүү экенин кабарлады.