Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатат жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарууда.
Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирди. Ага ылайык, тажик тарап 16-августта саат 06.00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылаган.
“Тажик тарап саат 06.30да “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагын минометтон аткылады. Көп өтпөй Самаркандек жана Паскы-Арык ааймактары дагы аткыланды. Саат 07.00го карата чек арада кырдаал чыңалып турат, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү”,-деп айтылат маалыматта.
Тажикстан бул тууралуу комментарий бере элек.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында жолукту. Жолугушуунун кыска видеосун Region телеканалы жарыялады.
Азырынча атайын кызмат бул сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат бере элек. Аталган телеканал Ташиев Лейлек районунун ооруканасында чек арага чатагынан жараат алган тургундар менен жолукканын кабарлады. Анда Ташиев бардык зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүү керек экенин айтып жатат.
Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү.
14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен районунда он жарандык обьект жабыркаган. Анын ичинде экөө турак-жай, калганы мал сарайлар. Бул тууралуу Баткен районунун акими Учкун Жоробаев бүгүн, 15-сентябрда ок атышуудан жабыркаган айылдарды кыдырган учурда белгилүү болду. Учурда жалпы чыгым такталып жатат.
Аким менен кошо Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук милициянын, аскер бөлүктүн жетекчилери барды. Алар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабырдуулукка чакырды.