"Азаттыктын" өзбек кызматынын Өзбекстандын тартип коргоо органдарындагы булагына таянып кабарлашынча, азырга дейре Тажикстандан көчүп келип, өзбек жарандыгын алган ондогон өзбектердин паспорттору кайра алынган. Алар өзбек жарандыгын алганына бир канча жыл болгонуна карабай, мамлекеттик органдар тартылып алынган паспорттун ордуна "жарандыгы жок" деген күбөлүктөрдү беришүүдө.
"Президентибиз, гимнибиз, желегибиз да жок"
Тажикстандагы 1992-97-жылдардын аралыгындагы жарандык согуш учурунда он миңдеген этникалык өзбектер өлкөнү таштап чыгып, Өзбекстандын Ташкен, Сыр-Дарыя, Самарканд, Бухара жана Фергана облустарынан орун-очок табышкан эле. Өзбек мыйзамдарына ылайык, өлкөдө жарандыгы жок жашаган адам беш жыл ичинде президенттин наамына арыз жазып, жарандык алууга укуктуу. Бирок азырга чейин миңдеген мындай арыздар жоопсуз кала берүүдө. Мындан сырткары бийлик өкүлдөрү мындай жарандыгы жоктордун сыртка чыгып кетүү үчүн виза берүү өтүнүчүнө да бир канча айлап көңүл бурбайт.
Соңку убакта болсо көчүп келгенине 20 жылдан ашып, жарандык алгандардын да паспортторун тартып алган учурлар болуп жатат. Маселен Ташкен облусундагы Бекабад шаарынын тургуну Майрам Михлиева ушундай абалга кабылууда. Ал бул шаарга 1992-жылы Тажикстандын түндүгүндөгү Куркат айылынан көчүп келип, мыйзамдуу жол менен жарандык алган.
Ошондон бери Бекабаддагы ооруканада медайым болуп иштеген Майрам баары уулу Озоджан Амануллаев 25 жашка толгонуна байланыштуу паспорт алмаштырганы жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө кайрылганда башталганын айтат:
- Бекабадда жашаганыма 23 жыл болду. Ушунча убакыт өткөн соң эми колубуздан Өзбекстандын паспортун алып, ордуна жарандыгы жок деген күбөлүктү беришмекчи. Себебин эч ким билбейт.
Майрам Михлиева андан ары уулу Озоджан азыр да мөөнөтү өткөн паспорт менен сары санаада жүргөнүн кошумчалады.
Анын 28 жаштагы чоң уулу Одилжон Амануллаев да паспортун алмаштыра албай убара. Бекабад ички иштер бөлүмүнүн башчысы ага паспорт туура эмес берилип калганын айтыптыр:
- Жарандыксыз жүрүү сиздин мекениңиз жок дегени. Сизди эч ким коргобойт. Сиз эч кайсы мамлекеттин коргоосуна алынбайсыз. Жарандыгы жок кишинин президенти жок, мекени жок, желеги, гимни да жок. Паспортуңуз жок болсо ушинтип чүнчүп калат экенсиз. Азыр мекеним – Өзбекстан дешке да коркуп калдым, - дейт Одилжон Амануллаев.
Маалыматтарга караганда, бир гана ушул Бекабад районунда эле Тажикстандан чыккан беш миңден ашык өзбек жашайт. Алардын баарына "жарандыгы жок" деген күбөлүк берилген.
"Боз паспорттуулардан" качкан бозойлор
Өзбекстандын башка аймактарына көчүп келген тажикстандык өзбектер да ушундай көйгөйгө кабылганын айтышат. Алардын айтымында, жарандыгы жокторго иш табуу, никеге туруу да кыйын, андайларды аскерге да алышпайт. Жада калса бозойлор да мындай "боз паспорту" (жарандыгы жок деген күбөлүктү ушинтип аташат) барлардын кыздарына үйлөнгөндөн да жаа бою качышат экен.
Азыр Орусияда айдоочулук менен алектенген Улугбек Аззам уулу да Өзбекстанда тажикстандык өзбектерге жашоо оңой эмес экенине токтолду:
- Аябай кыйын, эч жерге ишке да албайт. Расмий түрдө тоскоолдук жок болгону менен жазылбаган мыйзамдар бар да. Экинчиден, жарандыгы жок деген боз паспорттуулардын кызын да эч ким албай жатат. Мен ушул үчүн кетип калдым. Бир жакка чыга албайсың. Камакта отурган адамдайсың. Башка өлкөгө чыгып кетейин десең виза тууралаш керек. Визаны алыш үчүн акча керек. Акча табыш үчүн иш керек.
"Азаттыктын" өзбек кызматына сүйлөгөн Улугбек андан ары соңку кезде көчүп келген өзбектердин көбү кайра Тажикстанга кайтарылганын да кошумчалады:
- Абдан кыйнап жатышат. Көп кишилерди депортация кылып жиберишти. Эми мен Өзбекстанды жамандабайм, лекин системасы адамды кордоп жиберет да, - дейт 41 жаштагы Улугбек Аззам уулу
Тажикстандагы 1992-97 жылдар аралыгындагы жарандык согуш маалында жалпысынан үч жүз миңдей адам өлкөдөн биротоло орун которуп кетишкен. Алардын арасында өзбек улутундагы он миңдеген адамдар да тарыхый мекени саналган Өзбекстанга журт которгон.