Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:23

"Бул башкача согуш. Бейрутта хаос". Ливандагы качкындар


Бейруттун борбордук көчөлөрүнүн биринде түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл
Бейруттун борбордук көчөлөрүнүн биринде түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл

Израил армиясынын Ливандагы аба соккуларынан Жакынкы Чыгыштагы бул өлкө гуманитардык кризистин кырында турат. Соңку апталарда эле 1 миллиондой киши өз үй-жайын таштап, жер которууга мажбур болду. Бейрутта миңдеген киши ай талаада конуп-түнөп, күн өткөрүүдө.

Махмуд аялы, эки жашар уулу менен Ливандын борбору Бейруттун суу жээк тарабында, ачык асман алдында жука жамынчы менен уктайт. Израил Ливанга абадан сокку ура баштаганда 10 миңдеген киши Бейрутка башкалка издеп келди.

“Бейрутту коопсуз деп келгенбиз - дейт Махмуд. - Бирок биз бул жерде жээкте жатабыз, эч нерсебиз жок”.

Махмуд үй-бүлөсү менен Ливандын түштүгүндөгү Газия шаарынан качып келген. Израил армиясынын аба соккуларынан катуу талкаланган шаарда анын үйү дагы кыйраган. Киши толтура автобуска жубайын, уулун үч баштыгы менен салып, жолго чыккан. 20 сааттай жол азабын тартып, акыры Бейрутка жеткен.

Израил армиясынын Ливанда жердеги “Хезболлага” каршы аскердик операциясы карапайым калкка бүлгүн салып, көп жоготууга учуратты. “Хезболла” - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия. Иран колдогон ливандык уюм Израилде жана АКШда террордук деп саналат. Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливан парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.

Ливан бийлиги 23-сентябрда Израил армиясы абадан бомбалай баштаганда 1100дөн ашуун киши өлгөнүн билдирген. Өлкө калкынын бештен бири - 1,2 миллион киши үй-жайын таштап, мурда болуп көрбөгөндөй жер которууга мажбур болду.

Бейрутта мектептер, университеттер, мечиттер, алтургай футбол аянтчалары качып келгендер башкалкалай турчу жайга айланган. Ага карабай миңдеген кишинин барар жери жок, жээктерде, парктарда же машинелерде түнөөгө аргасыз.

Махмуд үй-бүлөсү менен Бейруттагы Эл-Манара пляжында төрт түнөдү. Аларга ошол жерде жашагандар тамак-аш алып келип берип жатты.

“Эмне кыларыбызды деле билбейбиз – дейт Махмуд. – Башкалка берчү жердин баары толтура”.

Махмуд жакында дагы башка жакка жөнөйбүзбү деп чочулайт. Анткени 2.5 миллион жашаган Бейруттун үстүнөн израил армиясынын учактарынын бомбалоосу күчөдү. Шаардын айрым бөлүктөрү урандыга айланып калды.

“Коркуп турабыз – дейт Махмуд. – Күн өткөн сайын бомбалоо улам жакындап келатат. Кайда барышты да билбейбиз”.

Бейруттун борборуна качып келип, көчөдө түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл
Бейруттун борборуна качып келип, көчөдө түнөгөндөр, 28-сентябрь, 2024-жыл

Гуманитардык кризистин толкуну

Ливан өкмөтү Бейрутту каптаган башкалка издегендердин маселесин чечүүнүн аргасын издөөдө. 500 мектеп убактылуу башкалкага айландырылса дагы көчөдө калгандар арбын. Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 1 миллиондон ашуун кишиге тамак-аш-жеткирүү программасын баштады.

Эл аралык уюм Ливан гумантардык “кризистин кырында” турганын эскертип, өлкө боюнча убактылуу жер которгондорго тамак-аш, акча бөлүштүрүүдө.

1-октябрда Израил армиясы Ливандын түштүк тарабында жердеги аскердик операциясын баштады. Бул Жакынкы Чыгыштагы гуманитардык кризисти дагы тереңдетчүдөй.

Израил аскерлери менен “Хезболланын” 2006-жылкы биринчи согушунан кийин израил армиясы Ливандын түштүгүнө киргенде ондогон жамааттарга коопсуз жактарга кетүүнү эскерткен.

Бейруттун Хадат районундагы үйлөр израил армиясынын 28-сентябрдагы соккуларынан кийин урандыга айланды.
Бейруттун Хадат районундагы үйлөр израил армиясынын 28-сентябрдагы соккуларынан кийин урандыга айланды.

"Бейрутта хаос"

Жакынкы Чыгыштагы чоңдугу боюнча үчүнчү шаарды израил армиясынын согуштук учактары аткылай баштагандан бери Бейрутта дагы миңдеген киши үй-жайын таштап, жер которуп жүрөт.

Алардын арасында банктын кызматкери Мария да бар. Ал шаарда эки жолу жер которду.

"Өткөн жумада бизден эки көчө ары жерге авиасокку урулганда энем, сиңдим болуп батирден чыгып кеттик", - деди Бейруттун борборунда жашаган 27 жаштагы тургун. "Азыр шаардын башка тарабындагы туугандарыбыздын үйүндө турабыз. Баарыбыз коркунучтабыз".

Ливандын түштүк аймактары АКШ террористтик деп тапкан, Евробиримдик куралдуу канатын "кара тизмеге" киргизген "Хезболла" тобунун таянычы болуп саналат.

Бейруттун көп кабаттуу үйлөр салынган району израил армиясынын бомбалоосуна кабылган. Бейруттун түштүгү талкаланып, имараттар кыйрап, көчөлөрдүн таш-талканы чыкты.

Мария Бейрутта үй-жайын таштап качып чыккандар аргасыздан ээн калган имараттарга, мейманканаларга кирип, башкалкалка табуунун айласын издерин айтат.

"Биз батирдин жарыгын өчүрбөйбүз, анткени кимдир-бирөөлөр киргенге аракеттениши ыктымал, - дейт Мария. - Бейрутта хаос. Башаламан. Эл эмне кылышты билбей калды".

"Азыр башкача согуш"

Эки баланын энеси Манал Бейруттун борборундагы Бурж Абу Хайдардагы батиринен азырынча кете элек. Бирок ал өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аз калганын сезип турганын айтууда.

"Күндө кечинде не бар, не жок деп, керектүү нерсенин баарын чогултуп койгонбуз, - деди 40 жаштагы химик илимпоз. - Бомба жарылганы такай угулат. Бутуңдун алдында жер көчүп жаткандай сезилет".

Маналдын досторунун, туугандарынын айрымдары Бейруттун үстүндөгү тоого качып чыккан. "Бирок бомба аякка да жетип жатканын айтышты" дейт.

Манал Израил менен "Хезболланын" 2006-жылкы согушун да өз көзү менен көргөн. Анда ливандык куралдуу топ израил армиясынын эки жоокерин уурдап кеткенде уруш тутанган.

34 күндүк согушта израил армиясынын согушкер топту бутага алып, абадан урган жапырт чабуулдарында Ливанда 1100 киши набыт болгон.

"Мен андагы согушту да баштан өткөргөм. Бирок азыркы согуш башкача, - деди Манал. - Коопсуз деген жер жок. Бардык өлкө сокку адында калды".

Макаланын авторлору: Ясин Жабер, Фруд Бежан
Которгон: Гүлайым Ашакеева
XS
SM
MD
LG