“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, философия илимдеринин доктору, профессор Клара Ажыбекова болду.
Ал маегинде дарыгерликтен философияга келгени, СССРдин кулап калышынын себептери, Коммунисттик партиянын либерал-демократтарга кошулганы, экиге бөлүнгөнүнүн себептери, саясатчылар Горбачев, Кулов, Бакиев, Мадумаров жөнүндө айтып берди.
- Клара айым, 1990-жылы кошуна мамлекеттердин Коммунисттик партиясынын биринчи катчылары президент болуп шайланып алышты. Кыргызстандын биринчи катчысы Абсамат Масалиев эмне үчүн президент боло алган жок деп ойлойсуз?
- Абсамат Масалиевич ички туюмунда берилген коммунист болгон. Ал киши да логикага таянып мамиле кылса керек. СССР деген чоң мамлекет болсок, анан ар бир союздук республикада бирден президент болуп алса туура эмес деп эсептеген. Чындыгында эле туура эмес болгон деп эсептейм. Мына, азыркы Орусияда Татарстан өзүнчө республика болуп, башчысын президент кылып алышкан. Мына эми кайра артка кайтарышып, республика башчысы деп атап калышты. Ошондуктан Масалиев бир мамлекетте бир эле президент болот деп түшүнгөн. Кээ бирөөлөр "ал киши жогору жактан корккон" деп айтып жүрүшпөйбү, ал туура эмес. Экинчиден, ал киши кайра куруу процесси күчөп, Советтер союзу кыйрап калат деп эч ойлогон эмес. Ошол үчүн бул жерде мен Абсамат Масалиевичтин көз карашын колдойм.
- 1999-жылы Кыргызстандын Компартиясында бөлүнүп-жарылуу болуп, натыйжада эки партия пайда болду, бирин Абсамат Масалиев, экинчисин сиз жетектеп калдыңыз, анын себеби эмнеде?
- Турдакун Усубалиев Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигинен кеткенден кийин ордуна Абсамат Масалиев келип, партияны, Жогорку Советти да башкарып калды. 1990-жылдагы Ош окуясынан кийин ал киши кызматтан кетти. Анын ордуна Компартияга Жумгалбек Аманбаев келди. 1991-жылы 19-августа ГКЧП чыкканда аны колдодуңар деп, партияны жаап салышты. Кийин биздин партияны мурдагы аталышында каттатпай жүрүштү. Каттап койсок партиянын мүлкүн талашат, тартып алат деп коркушту. Чындыгында эле партиянын таза акчасына курулган имараттар көп. Ошондуктан биз жаңы ат менен партияны “Кыргызстан коммунисттер партиясы” деп кайрадан каттоодон өткөргөнгө аргасыз болдук. Коммунист Барпы Рыспаев активдүү иштеди, башында Абсамат Масалиевич жок болчу, кийин кошулду. Биз баарыбыз, 1999-жылга чейин чогуу эле жүрдүк. Андан кийин бөлүнүп кеттик.
- Бөлүнүүгө эмне себеп болгон?
- Ал жерде ички, сырткы да факторлор себеп болгон. Ошондон улам мен Абсамат Масалиевичке ишеним көрсөтө албай калгам.
- 2004-жылы демократиялык-либералдык күчтөр президент Акаевге каршы чыгышып, “Бириккен элдик кыймыл” деген оппозициялык блок пайда болгон. Ага сиз башкарган коммунисттер да кирди, демократтарга кантип кошулуп кеттиңиздер?
- Владимир Ильич Ленин “эгер кызыкчылыкка туура келсе орто буржуазия менен да бириксе болот” деп айткан. Биз ошол теорияны, методологияны эске алып кошулганбыз. Ал кыймылда бай партиялар деле жок болчу. Башында Үсөн Сыдыков баштаган партия колдоп жүрдү. Андан сырткары эки Коммунисттик партия, “Асаба” партиясы ж.б. бар болчу.
- Атамбаев жок беле?
- Алмазбек Атамбаев ал кыймылга кирген эмес. Бир топ байлар “конгресс” уюштурушуп, ага Атамбаев, Кулов, Эшимканов ж.б. кошулган болчу. Биздин кыймылды Аксы окуясынан кийин Бекназаров уюштурган, ал башкарды. Биз Үзөңгү-Кууш Кытайга өтүп кеткенден кийин катуу бириктик. Кийин кыймылды Мадумаров башкарды, кичине кысым кылды эле ал коркуп кетип калды. Андан кийин Исмаил Исаков келди, ал кишинин үйүнүн дарбазасын “булгап кетишти” эле, ал кетти. Андан кийин Абсамат Масалиевдин сунушу менен кыймылдын башына Бакиев келген.
- Бакиев качкан жокпу?
- Жок, ал качкан жок.
- Ошентип, Акаев бийликтен кетип, сиз колдогон Бакиев президент болду, ал киши сизди кызматтарга чакырдыбы?
- Инилеринин бирөөсү аркылуу Борбордук шайлоо комиссиясына жетекчи болсун деп айттырды, "барбайм" дедим. Кулов аркылуу Кыргыз-славян университетине ректор болсун деп сунуш болду. Андан да баш тарткам. Мага бийлик кызык болгон эмес. Биздин максат – социализмди алып келүү болчу. Капитализмди куруп жаткандар менен кантип иштешмек элем.
- Клара айым, “эгер партиянын бийликти алуу максаты жок болсо, ал саясий уюмдун мааниси жок” деп Троцкий айткан эмеспи. Эмне үчүн сиз башкарган коммунисттердин партиясы бийликке умтулуп, шайлоолорго жигердүү катышкан жок?
- 2006-жылдагы парламенттик шайлоого Коммунисттик партиялардын экөө тең шайлоого катышканбыз. Анда Абсамат Масалиевичтин көзү тирүү. Алар биздин партияга караганда бай болчу. Биз, эптеп 500 миң сомду төлөгөнбүз. Бийлик, БШК берки Компартияга тартып, аларды өткөрүп коюшкан. Андан кийинки шайлоолорго катыша албаганыбыздын эки себеби бар. Эң башкысы шайлоого көп акча керек экен, 5 миллион сомду биз кайдан табабыз?
- Коммунисттер көп да, алар колдогон жокпу?
- Ичинде коммунист болгондор көп эле. Бирок, анысын чыныгы турмушта көрсөтө алышпайт, адамдар абдан коркок болушат экен. Бийликке ачык айтып чыгышпайт.
- Шайлоого катышканга акча жок болсо, сиздерди колдоп чыккандар азайып баратса, анда Кыргызстанда Коммунисттик партиянын таасири азайып баратат десек болобу?
- Бул объективдүү көрүнүш. Эмне партия сөзсүз эле Жогорку Кеңешке келиш керекпи? Парламентке келбей эле иш жасаса болот.