Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өттү. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн.

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Кийин мыйзам кабыл алынган. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.

11:49 15.12.2023

Садыр Жапаров: Ар бир жаңы туулган уул-кыздын тили эне тилинде чыгышы керек. Курултайда эне тилди өнүктүрүү маселесин талкуулоого чакырат элем. Быйыл Кара Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилегени турабыз.

11:51 15.12.2023

Садыр Жапаров: Аялзатты кордоо чектен чыгып барат. Коомдо оройлукка орун берилбеши керек. Эже-карындаштарыбызды колдошубуз керек. Коомдо агрессияга орун болбошу керек.

12:01 15.12.2023

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы биринчи Элдик курултайдын резолюциясы менен 3 182 бөлүмдөн турган иш-чаралар планы түзүлгөнүн.

12:34 15.12.2023

Садыр Жапаров “Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана адам укуктары мындан ары да сактала турганын” айтты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG