Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:53
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.
Жогорку Кеңештин курултайга келген депутаттары. 15-декабрь, 2023-жыл.

Курултай: Туунун тагдыры, абактан кайрылуу, кадр саясатына сын

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өттү. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн.

15-16-декабрда Бишкекте 2-Элдик курултай өтүп жатат. Курултайдын биринчи күнү 75 делегат сөз сүйлөдү. Ал биринчи жолу 2022-жылы 25-26-ноябрда өткөн. 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга Элдик курултай институту киргизилген. Кийин мыйзам кабыл алынган. Айрымдар парламент турганда Курултай институту кереги жок экенин айтып келишет.

12:47 15.12.2023

Курултайдан түз эфир

12:58 15.12.2023

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келерки жылы Кыргызстанда 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын билдирди. Бул тууралуу 15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайдагы баяндамасында айтты.

13:02 15.12.2023

Абдипата уулу Жумабек, Баткен облусу: Жаштардын саясаттагы, мамлекеттик иштеги активдүүлүгүн көтөрүү максатында айылдык жана парламенттик шайлоолордо жаштарга 10% квота берүүнү сунуш кылам.

13:11 15.12.2023

Чүйдөн келген өкүл Кулмакмат Абалбеков Аламүдүн районунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө зарыл экенин айтты.

"Эгемендик жылдарынан бери бул маселе айтылып келет. Жайыт, айыл чарба жерлери кетип жатат. Мен мамлекеттик бүтүндүккө доо кетирип жатат деп айтаар элем. Айылдын 14 чакырым жерин 950 метрин тездик менен суу жеп атат. Электр көмөк чордону жылды, мүрзөлөрдү көчүргөн учурлар болууда. Василевка айыл аймагынан эле 44 гектар жерди суу жууп кетти", - Абалбеков.

Былтыркы курултайда да Чүйдөн шайланган делегаттар көтөргөн негизги маселелердин бири кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө болгон. Алар суунун Кыргызстанга караштуу сол тарабы кемирилип, солду көздөй ооп агып, жүздөгөн гектар жер коңшу мамлекетте калганы тууралуу президент Садыр Жапаровго маалымат жеткиргенге аракет кылышкан.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган. Андан берки он жыл ичинде кооптуу жерлердин аянты көбөйүп, казак тарапта калган жердин аянты кыйла көбөйгөнү айтылган.

"Азаттык" радиосу бул маселе тууралуу атайын иликтөө да тарткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG