Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:34

Бельгия орус активдерин камакка алганы жатат


ЮКОС мунай компаниясы анын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский 2003-жылы камакка алынгандан кийин жоюлуп кеткен.
ЮКОС мунай компаниясы анын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский 2003-жылы камакка алынгандан кийин жоюлуп кеткен.

Бельгияда мурдагы ЮКОС компаниясынын акционерлеринин доосу боюнча Орусиянын активдери камакка алынганы жатат. Бул өлкөдөгү Орусиянын дипломатиялык мекемелеринен башка бардык ишканалары алардын мүлкүн камакка алууга даярдануу тууралуу эскертме алышты.

Бельгияда Орусияга караштуу компаниялар менен мекеме-уюмдардын баарына алардын мүлкү ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы акционерлеринин доосунун негизинде камакка алынары маалымдалды. Сот аткаруучулардын токтому таратылган тизмеде Орусиянын дипломатиялык иммунитет менен корголгон элчилиги гана жок. Эскертме-маалымдама Бельгияда орусиялык мекеме-уюмдарды тейлеген банктарга да жөнөтүлдү. Тизмеге жада калса Орусия маалымат каражаттарынын Белгиядагы өкүлчүлүктөрү да кирген.

Эми тизмеге кирген мекемелер өз карамагындагы Орусиянын мамлекеттик активдери тууралуу 15 күн ичинде сот аткаруучуларга маалымат берүүгө тийиш.

Орус маалымат агенттиктери кабарлагандай, активдердин камакка алынуусу Бельгиянын арбитраждык сотунун чечимине негизделип жатат. Сот Yukos Universal Limited компаниясынын пайдасына Орусиядан 1,6 миллиард евро өндүрүлүшүн колдогон.

ЮКОС мунай компаниясы анын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский 2003-жылы камакка алынгандан кийин жоюлуп кеткен. Компаниянын активдери Орусия сотунун чечими менен сатылып, басымдуу бөлүгү мамлекеттик «Роснефть» ишканасынын колуна тийген. ЮКОСтун мурдагы акционерлери болсо андан кийин Орусияны бир нече эл аралык соттордо утуп алышкан.

Маселен, Гаагадагы эл аралык арбитраж былтыр июлдагы чечими менен Орусия ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы акционерлеринин бир бөлүгүнө 50 млрд. доллар төлөп берүүгө тийиш болгон. Соттун аныктамасында Орусия 2004-жылы ЮКОСту таркатып, негизги мүлкүн менчиктештиргенде 1991-жылы кабыл алынган Эл аралык энергетикалык хартияны бузган деп айтылат. Негизги доочу “Менатеп” компаниясы (Group Menatep Limited) 114 млрд. доллар өндүрүп алууну каалаган. Сот ошондой эле Орусияны “Менатепке” 65 млн. доллар соттук чыгымдарын төлөп берсин деп да милдеттендирген.

Андан көп өтпөй эле Адам укуктары боюнча Европа соту Орусия ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы акционерлерине 2,5 млрд. доллар төлөп берүүгө тийиш деген чечим чыгарган. ЮКОСтун акционерлери сотко орус бийлиги мыйзамсыз айып менен компанияны тартып алды деп арызданышкан.

Бельгиядагы Орусия мүлкүн камакка алуу боюнча токтомдун негизги бөлүгүндө Адам укуктары боюнча Европа сотунун чечимин аткаруудан Орусия баш тартып койгону эске салынат. Бул сот Орусияны миллиард евродон ашык акчаны төлөө планын быйылкы жылдын 15-июнуна чейин берүүнү талап кылган. Бирок Москва эч кандай план сунуштаган эмес.

Дагы бир негиз катары орус өкмөтү соттун мындай чечимин саясий деп атап, аны аткаруу боюнча Орусия Федерациясынын бюджетинде эч кандай көрсөтмө болбогонун бир канча жолу билдиргени көрсөтүлөт.

ЮКОСтун расмий ээси Михаил Ходорковский салык төлөбөдү, бөтөн бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алды деп айыпталып, сегиз жылга соттолгон. 2013-жылдын этегинде мунапыс менен абактан чыккан.

Президент Путиндин жарлыгында ага “гуманитардык жүйөдөн” улам ырайым берилгени айтылган. 51 жаштагы Михаил Ходорковский азыр Швейцарияда жашайт. Өзүнө тагылган айыпты бийликти сындаганы үчүн басым жана ЮКОСту кыйратуу үчүн жасалган деп айтып келет.

Орус президенти Владимир Путиндин элдешкис сынчысына айланган Ходорковский кечээ, 17-июнда Вашингтондогу жолугушуулардын биринде орус бийлигине карата дагы сын айтты:

- Путиндин Орусиясы өзүн-өзү изоляциялоо жолу менен баратат. Бирок бул жалган жол. Путинден кийин аргасыздан кырдаал өзгөрөт. Орусия азыр демократияга өтпөгөн дүйнө түндүгүндөгү жападан жалгыз өлкө.

Ходорковский Вашингтондогу бул жолугушууда Орусия-Украина ортосундагы кырдаал тууралуу да сөз кылган. Анын бул билдирүүлөрү Бельгияда Орусиянын активдерин камакка алуу чечимине удаа жасалып отурат.

Шаршембиде болсо Орусиянын юстиция министри Белгия сот аткаруучуларынын орус активдерин камака алуу боюнча чечимине каршы арыз жолдонулушу мүмкүндүгүн билдирди.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG