Баткендин тоо арасындагы Кыштут айылында пандемия учурунда жай турмуш кадимкидей уланып жатат. Болгону сактануу эрежелерин кармап, сырттан келген кишилер менен карым-катнашка өз алдынча чектөө коюшкан. Күнүмдүк тирилик менен алектенип, айылдыктар ашар уюштуруп, жакында жүргөн сел кесепеттерин жоюп жатышат.