Баткен: чек ара үчүн соолуган өмүрлөр
Мындан туура эки жыл мурда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш чыгып, андан 36 кыргызстандык курман болгон. 170тен ашык тургун жараат алган. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган. Үч күнгө созулган куралдуу жаңжал 1-майда жөнгө салынган. Андан бери жараат алгандар арасында азырга чейин төшөктө жаткандар да бар.