Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:28

Балдар адабияты замандан артта калды


Айтматовдун чыгармачылыгы балдар китептеринде. Иллюстрациялык сүрөт.
Айтматовдун чыгармачылыгы балдар китептеринде. Иллюстрациялык сүрөт.

«РухЭш» сайты «Ою жатык, тили жетик муун үчүн» деген аталыш менен балдар адабиятын өнүктүрүү багытында уюштурган сынактын жыйынтыгын чыгарды. 

Ага 39 чыгарма келип түшкөн, бирок конкурска катышууга 24 чыгарма укук алган. Сынактын жыйынтыгында 1-орунга татыктуу чыгарма табылган жок.

Конкурсту уюштурган «РухЭш» сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин айтымында, балдар адабиятында өсүш жок, кургак акыл үйрөткүсү келген авторлор көп.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

«Бүгүнкү учур адабиятында жаңычылдык жок, - деди ал. - Дүйнө таанымыбызда коомдук баалуулуктар алмашып жатканына карабастан, баягы эле эски түшүнүктө жашап жатабыз. Чыгармалар баланын тили менен жазылбайт. Кыргыз адабиятында психологизм өнүкпөптүр. Көркөм шөкөттөп, уйкаштык, жамак тилинде жазгандар. Куру дидактика. Балдарды тажаткан чыгармалар жазылып жаткандыктан, балдар адабияты өнүкпөй жатат. Чыгарма балдарга ынанымдуу, балдар ийкемдүү кабыл алгыдай тилде жазылууга тийиш!»

Ал эми сынакта 2-орун эки авторго берилген. Ага Нурайым Шаршенбаеванын «Мышык менен чычкан» жомогу, жазуучу Абдыкерим Муратовдун «Ысык-Көл жомоктору» аттуу ыр түрүндөгү жомоктор топтому татыктуу болду.

Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн бири, акын, котормочу Назгүл Осмонова авторлордон табышмак, жомок, тамсил, баш катырмалар келип түшкөнүн, бирок балдардын табитине ылайыктуу чыгармалар дээрлик жокко эсе болгонун билдирди:

Назгүл Осмонова.
Назгүл Осмонова.

«Балдар адабияты колдоого, коргоого муктаж. Кыргызстанда миллион окуучу бар. Мына ошол балдарыбыз кайсы булактарды окуп жатышат? Балдарды «китеп окубайт» дейбиз, бирок татыктуу чыгарма болбосо эмнени окушат? Анын үстүнө бизде акын-жазуучуларга мамиле жакшы эмес».

«РухЭш» сайты уюштурган сынактын жыйынтыгында 3-орундун жеңүүчүсү болуп төрт автор белгиленди. Ага Таир Аширбайдын «Тилмеч козу» ыр жыйнагы, Кубанычбек Аркабаевдин «Малдын тили» ырлар жыйнагы, Рахат Аманованын «Кылдырек» аңгемеси, Абдыкерим Муратовдун «Адам досторун жана кастарын кантип тапты?» аттуу жомогу татыктуу болду.

Конкурстун шартына ылайык жеңген чыгармалардын авторлору калыстар тобу чыгармалардын мыктыларын тандап бүткөндөн кийин жарыяланды.

3-орунга ээ болгон тарых мугалими, сынчы Рахат Аманова 26-номер менен катышкан. Ал оюнда, дилинде жазгысы келип жүргөнүн кагазга түшүргөнүн айтты:

Рахат Аманова.
Рахат Аманова.

«Балдар адабиятында жарк эткен өзгөчө чыгарма болгон жок. Өзүм жазганды да, башкалардын жазгандарын да айта алам. Азыркы балдар мурдагы балдардан такыр башкача. Булар азыр илим менен техника өнүккөн заманда чоңоюп, кичинесинен техниканы жакшы билишет. Дал ушул балдардын бүтүндөй эстетикалык көрөңгөсүн канааттандыра ала турган чыгарма жаза албадык. Конкурска оозго алынган акын-жазуучулар катышыптыр. Бирок ушул агай-эжелердин баары эле биздин муун болуп калгандыктан эски аң-сезимде, өз табитибизде жазып жатпайбызбы. Бул азыркы балдардын табитине туура келбейт. Мен конкурстан азыркы кыргыз адабиятындагы акын-жазуучулар менен азыркы балдар арасындагы адабий көпүрө асма көпүрө сыяктуу араң турганын, кайтарым байланыш жоктугун көрдүм».

Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурска катышкан авторлор союздук түшүнүктөн чыга албай, аң-сезими, дүйнө таанымы жаңырбай, жаңы заманга жуурулуша албай жатканын байкагандарын айтышты.

Ал эми жогорудагы конкурска атайын сынчыларды, мугалимдерди, акындарды калыстар тобуна мүчө катары коюу туура эмес болгонун билдирген мугалим Жибек Касманкулова төмөндөгүдөй оюн ортого салды:

«Конкурска келген чыгармаларды балдарым менен окуганга аракет кылдык. Кээ бирлери эч эле түшүнүксүз. Бала окуганда элестете билиши керек. Бул конкурска калыстар тобуна калыс катары жети жаштан 16 жашка чейинки балдарды коюу туура болмок. Баланын жан дүйнөсүнө эмне керек экенин азыркы аттуу-баштуу сынчылар түшүнбөйт. Бир калыс чыгып алып «нравалык, эстетикалык жагы» деп насаат айтып жатат. Анын балага эмне кереги бар? Бала кабыл алып, түшүнө билиши зарыл».

«Баластан» интерактивдүү журналынын башкы редактору Жаныбек Абидетегин балдар адабиятын жазган жазуучуларга көңүл бурулбай жаткандыгын, аларга мотивация берүү керек экенин баса белгиледи​

Жаныбек Абидетегин.
Жаныбек Абидетегин.

«Кыргыз балдар адабиятын балдар окуйт. Илгери жомок, аңгеме, эмне гана болбосун аны жеткирүү жакшы болгон. Ошондуктан бизге элдик оозеки чыгармаларыбыз жеткен. Бирок бүгүнкү күндө мугалим дейбизби, ата-энеби, чоң ата, чоң энеби, ким болбосун ошол биздин балдар адабиятында камтылган балдар үчүн кызыктуу болгон чыгармаларды балдарыбызга жеткире албай жатабыз. Бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер жана айрым мугалимдер, кээ бир жазуучулар жеткиликтүү, жатык тилде балдарга түшүндүрүп бере албайт. Азыр кайсы ата-эне баласына жомок айтып бере алат, айта алабызбы?! Жок! Анткени, баласына образ менен элестүү, эне тилинде сүйлөп бере ала турган ата-эне жок».

«РухЭштин» маалыматына караганда «Ою жатык, тили жетик муун үчүн» деген аталыш менен балдар адабиятын өнүктүрүү багытында конкурстун байге фонду 110 миң сом болду. 2-орундун жеңүүчүлөрүнө 30 миң сом тең бөлүнүп берилди. 3-орундун жеңүүчүлөрүнө 20 миң сом бөлүнүп, беш миң сомдон байге ыйгарылды. Сынакка Кыргызстандын JIA бизнес-ассоциациясы демөөрчү болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG