19-октябрдагы уруксат берилбеген нааразылык акциясын полиция күч менен кууп таратып, көпчүлүк активисттерди кармап кеткен.
Акцияга чыккандар өлкөдө таза шайлоо өткөрүүнү, саясий туткундарды бошотууну жана сөз эркиндигине бут тоспоону талап кылышты. Мындан тышкары оппозициянын талаптарынын ичинде саламаттык сактоо тармагын реформалоо жана газ менен электр энергиясын арзандатуу да бар.
Азербайжан оппозициясынын лидери Али Керимли «Азаттыктын» азербайжан кызматындагы маегинде айтканы боюнча, жыл башында өткөн митингден кийин бийлик оппозицияга аянтка чыгууга уруксат бербей келе жатат.
- Биз 19-январда өтө чоң митинг өткөргөнбүз, - дейт оппозиция лидери. - Ага 25 миңден ашуун киши катышканы бийликти сестентип койду. Анткени ошондон бери бизге митинг өткөрүүгө уруксат бербей келе жатышат. Биз сегиз жолу митинг өткөрүү тууралуу уруксат сурап кайрылганбыз. Бирок бардык учурда баш тартып жатышты. Биз бул жолу да митингди бийликтин уруксаты менен өткөрүүнү каалайбыз. Бирок алар дагы эле баш тартып жатышат. Ошондуктан биз бул жолу да уруксат берилбеген акция өткөрүүгө аргасызбыз. Биз күрөштү улантабыз.
19-октябрь күнү болгон митингде полиция Али Керимлини кармап кеткен. Көп өтпөй Керимли ооруканага жеткирилген. Ал полиция бөлүмүндө аны саясий ишмердиктен баш тартуусун талап кылып, кыйнашканын билдирген.
Али Керимли оппозициялык партиянын - «Азербайжан элдик фондунун» лидери. Ал сөз болуп жаткан партиянын активисттери саясий негиздер менен камакка алынышканын айтты:
- Мен бийлик же өкмөт деп айтпайм, Алиевдерге каршы экенимди ачык эле айтам. Акыркы митингде эле биздин 28 мүчөбүз кармалып, камалды. Мен өмүрүмө коркунуч бар экенин билем, бирок күрөштү токтотпойм.
Азербайжан бийлиги оппозициянын митингдеринин артында сырткы күчтөр турганын билдирген. 19-октябрдагы митингден кийин вице-премьер-министр оппозициянын артында өлкөдөгү туруктуулукту бузууну көздөгөн сырткы күчтөр бар экенин айткан. Ал эми президенттик администрация митингдин катышуучуларын кармап-камоо учурунда күч колдонулганын четке какты. Президенттик администрация Азербайжанда эл тынч жыйындарга чогулуу укугуна ээ экенин билдирүүдө. Мекеме оппозициялык «Азербайжан элдик фонду» партиясын «өлкөнү жарандык согушка кептөө аракети бар, популисттик билдирүүлөрү, куру убадалары менен партия коомчулуктун колдоосун алууга аракеттенип жатат» деп маалымдаган.
Али Керимли муну четке кагып, айрым өлкөлөрдүн демократиялык күчтөрү менен байланышы бар экенин, бирок эң башкы колдоо - азербайжан элинин колдоосу болуп жатканын белгиледи:
- Орусиядагы демократиялык күчтөр менен мурда, Немцов тирүү кезинде жакшы байланышыбыз бар эле. Тилекке каршы, азыр андай байланыш жок. Батыштагы демократиялык күчтөр бизди эмес, демократияны колдоп атышат. 19-октябрдагы митингдин катышуучуларын камагандан кийин эл аралык уюмдар, маалымат каражаттары азербайжан бийлигин бул үчүн сындап чыгышты. Бирок биз үчүн азербайжан элинин колдоосу маанилүү.
Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев 2003-жылдан бери мамлекетти башкарып келет. 2017-жылы ал өзүнүн аялы Мехрибан Алиеванын вице-президент кылып дайындаган.