Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:50

Байден КЭРдин теңдешсиз дүйнөлүк дөөлөткө айланышына жол бербөөгө убада кылды


Президент Жо Байден. Вашингтон. 2021-жылдын 25-марты.
Президент Жо Байден. Вашингтон. 2021-жылдын 25-марты.

АКШнын президенти Жо Байден Кытайдын Америка Кошмо Штаттарын дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет катары алмаштырышына жол бербөөгө убада берди жана Кытайды соода сыяктуу маселелерде эл аралык эрежелерге ылайык иш-аракет кылууга түртүү үчүн далаалатын уланта берээрин билдирди.

Байден мырза 25-мартта алгачкы жолку жалгыз өзү чыккан маалымат жыйынында сүйлөп, Кытайдын максаты – дүйнөдөгү теңдешсиз болгон мамлекетке айлануу экендигин айтты, бирок мындай жагдай "менин саатымда көзгө эч көрүнбөйт, анткени Америка Кошмо Штаттары мындан ары дагы өнүгүүсүн уланта берет", – деп билдирди.

Байден, ошондой эле, Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпинди Орусиянын президенти Владимир Путинге салыштырып, экөө тең автократия – "келечектин толкуну, (ал эми) демократия – улам татаалдаша берген дүйнөдө майнапсыз" деп эсептешет деген жоромолун айтты.


Бирок Америка Кошмо Штаттары Кытай Эл Республикасы менен тирешүүнү көздөбөйт, деди ал. Байдендин пикиринде, АКШ өз өнөктөштөрү менен биргеликте Бээжиндин Гонконгдогу демократиялык жүрүмдөрдөн артка чегиниши, уйгурлар сыяктуу этностук азчылыктарга ырайымсыз мамилеси жана аскердик күч-кубатын арттырып жаткандыгы үчүн Кытайды жоопко тартууга аракет кылат.


Байден тышкы саясат жаатында башка суроолорго да жооп узатты. Маселен, АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетишинин мөөнөтү тууралуу суроого токтолуп, азыркы жагдайда 1-майга чейинки мөөнөттө бул өлкөдөн аскерлерди чыгарып кетүү иши Вашингтон үчүн "кыйынга туруп жатат" деп айтты.

Бирок Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы акыркы 2500 америкалык жоокерди бул өлкөдө “узак убакытка” сактап калууну эч көздөбөйт, деп Байден кошумчалады. (TT)

XS
SM
MD
LG