Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:54

Блинкен АКШ НАТО менен алаканы бекемдей турганын билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Брюсселдеги сапарынын жүрүшүндө НАТО менен мамилени бекемдөөгө убада берди. Ал Вашингтон Ооганстандагы тынчтык орнотуу аракеттери боюнча союздаштар менен кеңешип иш кыларын билдирди.

Блинкен Брюсселде 23-24-мартта өтүп жаткан НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышууда. Ошондой эле президент Жо Байдендин трансатлантикалык байланыштарды чыңдоо саясатынын алкагында Евробиримдиктин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

“Кошмо Штаттар алгач НАТОдогу өнөктөштөрү менен мамилелерди калыбына келтирүүнү каалайт. Биз альянска жаңы дем берүүнү көздөйбүз”,-деди Блинкен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуу учурунда.

Блинкендин сапарынын күн тартибинде Кытай менен Орусияга байланыштуу көйгөйлөр, ошондой эле НАТОнун Ооганстандагы ролу, киберкоопсуздук, терроризмге каршы күрөш, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелер бар.

Айрыкча, НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын келечеги кызуу талкууланууда. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп “Талибан” кыймылы менен былтыр кол койгон келишимге ылайык, АКШ аскерлерин Ооганстандан 1-майга чейин чыгарып кетиши керек.

Байден өткөн аптадагы интервьюсунда Ооганстандагы аскерлерди майга чейин чыгарып кетүү кыйын болоорун айткан.

XS
SM
MD
LG