Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

"Ден соолугу чың болчу". Абакта бир күндө эки киши каза болду


 Адилет Тилек уулу. Үй-бүлөлүк архив сүрөт. Коллаж.
Адилет Тилек уулу. Үй-бүлөлүк архив сүрөт. Коллаж.

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөп жаткан 35 жаштагы Тилек уулу Адилет каза болгону кабарланды. Жакындары анын абакта сабалганын, катуу токмоктон улам каза болгонун айтып жатышат. ЖАК 14-апрелде эки кишинин өлүмүн ырастап, алар ден соолугуна байланыштуу каза болгонун билдирди.

"Ден соолугу чың эле, спорт менен машыкчу"

Абактагы Тилек уулу Адилеттин жубайы Насыйкат Долодиярова күйөөсү менен акыркы жолу 7-апрелде байланышканын айтып жатат. Кийин телефону өчүп, дайыны чыкпай калганда ал кайненеси менен чогуу Молдовановкадагы колонияга барган. Абактын жетекчилиги баары жайында экенин айтканы менен ал күйөөсү менен жолуга алган эмес.

Долодиярова 10-апрелде күйөөсү Жалал-Абадга которулганы белгилүү болуп, 14-апрелдин таңында ооруканага түшкөнү тууралуу кабар келгенин билдирди.

“Ооруканага барса, ал оорубай эле каза болуп, сөөгү ошол жерде экен. Ал жолдо эле каза болуптур. Аны бул жактан катуу сабашкан. 8-апрелде Молдовановкадагы абакта көп дарыгер жүрдү. Дарыларды ары-бери ташып жатышты”.

Насыйкат Долодиярованын айтымында, күйөөсү абакта жаза өтөп жаткандарды уруп-сабоо болуп жатканын буга чейин айтып берген.

“20-мартта күйөөмдүн туулган күнү болуп, аны көргөнү баргам. Ошондо бети шишип, көгала болуп калыптыр. Эмне болгонун сурасам, 18-мартпы же 19-марттабы: "Шимон келип бизди сабап жатат. Бул жакта жашоо оор болуп кетип атат, эмне кылышты билбей калдык”,- деп айткан. Күйөөм мага ушул аудиону да жөнөткөн, - деп келин Whatsapp аркылуу алган кыска кайрылууну угузду.

“Кандайсыңар туугандар? Бул жакта башаламан кылып жатышат. Ден соолукту алып жатышат, эркектерди чечиндирип, сабап жатышат. Биздин укугубузду бузуп жатышат”, - деп айтылат аудиодо.

Расмий маалымат боюнча, Тилек уулу Адилет он жыл мурун адам өлтүрүүгө айыпталып, 18 жыл төрт айга абакка кесилген. Жакындары ага жалаа жабылып, күнөө оодарылып калган деп эсептешет. Апасы Дүйшөкан Байгазиева жалгыз уулун абактан чыгарам деп жүрүп үй-жайсыз калганын айтып берди.

“Сөөгүн 3-4 күндөн бери жашырып отурушат. Кечээ эле араң айтып жатышат. Баламды эчак эле жайлап, сөөгүн өзү билгендей союп жатышат. Урматтуу Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, ушуларды карап бергиле. Жалгыз балам, ушу деп Казармандан келип жүрөм. Багар балам эле”.

ЖАК: Абакта эки киши каза болду

Жазаларды аткаруу кызматы абактарда кармалып турган эки жаран каза болгону тууралуу маалымат таратты. Алардын бири Тилек уулу Адилет Базар-Коргон районундагы 10-түзөтүү мекемесине которулгандан үч күндөн кийин жүрөк оорусунан улам каза болгонун билдирди.

“2025-жылдын 14-апрель күнү болжол менен саат 9:30 чамаларында соттолгон Тилек уулу А. өзүн начар сезип жатканын билдирген, дароо мекеменин медициналык бөлүмүнө жеткирилип, дарыгер тарабынан медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп, алдын ала жүрөктүн коронардык оорусу, миокард инфаркты диагнозу коюлган. Андан тышкары мекеменин дарыгери тарабынан соттолгон Тилек уулу Базар-Коргон шаардык ооруканасына алып чыгуу керек экендигин билдирип, мекеменин "Тез жардам" менен Базар-Коргон шаардык ооруканасына жеткирилген, ал жерден көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан соттолгон Тилек уулу саат 12:05 чамасында каза болду”.

Ал эми каза болгон экинчи жаран 62 жаштагы Ш.Т. быйыл 19-мартта Ысык-Ата районундагы 3-түзөтүү мекемесинен Молдовановка айылындагы №31 абакка которулган. Мекеме анын эки өпкөсү тең кургак учукка чалдыгып, абалы күндөн-күнгө оорлошконун билдирди. 14-апрелде абалы кескин начарлап, жасалма дем алдыруучу аппаратка коюлуп, тамчылатма дары берилген. Ага карабай, ошол күнү саат 17:40 чамасында каза болгону жазылган.

Кыйноолорго каршы борбордун тынчсыздануусу

Адилет Тилек уулу жазасын өтөп жаткан №27 түрмөдө кармалып турган 42 киши тартип изоляторуна которулганы 8-апрелде белгилүү болгон. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна алардын жакындары кыйноо, уруп-сабоо болгонун, тамак-аш киргизүүгө, жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып даттанган.

"7-апрелде тыюу салынган буюмдарды аныктоо жана алуу үчүн тинтүү жүргүзүлгөнү белгилүү болду. Мекеменин жетекчилиги билдиргендей, айрым соттолгондор коюлган талаптарды аткарбай, тыюу салынган буюмдарды алууга каршылык көрсөтүшкөн, натыйжада 42 киши айып изоляторуна (ШИЗО) киргизилген. Алар жазалоо камерасына камалгандыктан сырттан алып келген буюмдарды алуу жана жолугушуу укугунан ажыратылган".

Борбордун кызматкерлери айып изоляторундагылар менен сүйлөшкөндө алар арыз жазуудан баш тарткан. Борбор жалпы эле түзөтүү мекемелерди массалык жазалоонун көп болуп жатышына тынчсыздануусун билдирген.

Жазаларды аткаруу кызматы 42 киши 15 күнгө чейин тартип изоляторуна которулганын ырастап, кыйноолор боюнча маалыматты четке каккан.

Былтыр жыл соңунда Бишкектеги №1-тергөө абагында кармалып турган жарандар уруп-сабалганы боюнча жакындары айтып чыккан. Жазаларды аткаруу кызматы бул маалыматтарды төгүндөгөн.

Бул маселе парламентте да көтөрүлүп, тиешелүү мекемелерден маалымат алуу сунушталган. Кийин президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, абактагы криминалды жок кылуу аракети жүрүп жатканын белгилеп, тинтүүлөрдү, текшерүүлөрдү жабык жайларда тартип орнотуу аракети деп түшүндүргөн.

Кыргызстанда буга чейин соттолгон же иши тергелип жаткандардан абакта каза болгон бир нече учур катталган. Бул көрүнүштөр коомчулукта кызуу талкууга түшүп, көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлуп келет.

Абактагы кош өлүм суроо жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:41 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG