Мунун алдында Карасартова Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган эле. Укук коргоо органдары Карасартованын кармалышы боюнча комментарий бере элек. Жакындары соңку кармоо Кудайберген уулунун катын жарыялоого байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоп, укук коргоочунун абалына тынчсызданып жатышат.
Рита Карасартова Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу кармалып, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалганын адвокат Жаныш Бараков "Азаттыкка" билдирди. Жактоочунун белгилешинче, Карасартова шектүү катары кармалып, азырынча айып тагылган жок.
14-апрелдин кечинде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүргөнү, аны улай милиция укук коргоочуну кармап кеткени белгилүү болгон. Тинтүү тууралуу социалдык тармактын айрым колдонуучулары жазып, сүрөтүн жарыялашты.
Мунун алдында Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, буга 10-апрелден бери дайыны чыкпай жатканы айтылганы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык деген катты өзүнүн социалдык баракчасына жайрыялаганы менен байланыштырган.
Бул катты Карасартова 14-апрелде түш оой Фейсбукка жарыялап, "Тилекматтын аманатын аткарып жатканын" белгилеген.
"Бир нече күндөн бери Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн мекендешибиз Тилекмат Куреновдон маалымат жок. Жоголордун алдында, сезгендей эле, мага мындай СМС жиберген: "Эже, менин акыбалым кыйындап баратат окшойт. Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсо чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым" деп жазган. Аманатын аткарайын", - деп билдирген Карасартова.
Бул катта негизинен Кудайберген уулунун үй-бүлөсүнө, аялына кайрылуусу тууралуу сөз болгон.
"Эгер мени кармап кетсе же бир нерсе болсо бул кат чыгат", - деп жазылган катта.
"Азаттык" Карасартова кармалганга чейин бул каттын чоо-жайын, качан жана кандай шартта алганын сурап кайрылган эле.
"Эмнеге мага жөнөткөнүн билбейм, башкаларга деле жөнөтсө керек, башка жактан чыгабы десем эч ким чыгарган жок. Жок болуп кетти дегенге төрт күн болуп кетти, дем алыш күндөрү чыгарсамбы деп балким маалымат чыгып калаттыр, айрымдар милицияга түшүп калгандыр деп жазгандар болгондуктан ошону күттүм. Дүйшөмбү күнү аманат деп мага жибергенден кийин чыгарууга туура келди. Жоголоруна бир жума мурда жөнөткөн экен, анын жазгандарын көчүрүп эле чыгарып койдум. Өзүм "баары жакшы болот" деп жазгам, бирок жок болуп кетерин ойлогон эмесмин".
Карасартова Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен мурда-кийин байланыш бар беле деген суроого "кайсыл бир жакка кат жолдоо тууралуу өтүнгөнүн" айткан.
"Аябай деле байланышкан эмеспиз. Кандай, жакшыбы, мурда полиция кармабады беле, ошого байланыштуу бизден эмне жардам керек десем, "баары жакшы, маселе чечилип жатат, тигил жакка берген жок, балким кандайдыр бир кат жолдоп жардам бере аласыз" деген. Мен катты каякка жолдошту деле билбейм, эл аралык деңгээлде англис тилим, тажрыйбам жок болгондуктан кичине аксап, Кыргызстанда эле какылдаганды билем деп айткам. Катында мени кармап кетсе же бир нерсе болсо деп жазыптыр, мен деле ошондо аябай окуган эмес экенмин".
Муну менен катар Карасартова чет өлкөдө жүргөн жарандар кыйын кырдаалга туш болгон учурда укуктук жардам көрсөтүү үчүн фонд уюштуруу зарылдыгын белгилеген.
"Чет өлкөдө жүргөн адамдар кыйын абалга туш болгондо бери дегенде арыз жазып, ошол жактагы мыйзамга ылайык кат жазып, маалымат алып турганга адвокат деле керек экен. Биз бул жакта туруп алып сарсанаа боло берет экенбиз, кыймыл-аракеттин баары ошол жакта турат да. Бул Тилекматтан улам байкалып жатат. Кандай кылабыз, эмне кылыш керек деген ойлор жаралып жатат", - деген Карасартова.
Жакындары, тилектештери милиция укук коргоочуну Тилекмат Кудайберген уулунун ишине байланыштырып кармады деген божомолду айтып жатышат. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Карасартова менен Кудайберген уулунун ортосунда саясий байланыш болбогонун айтып, соңку кармоону сынга алды:
"Тергөө Ританы Тилекматка байлап, бир топто чогуу болушкан деп амал издөөдө. Чынында Тилекмат Куренов аманатын Ритага саясатчы катары эмес, укук коргоочу деп тапшырган. Андан бөлөк экөөнүн ортосунда эч кандай мамиле болгон эмес", - деп жазды Сооронкулова Фейсбуктагы баракчасына.
Жарандык активист Перизат Суранова Фейсбуктагы баракчасына "укук коргоочуларды куугунтуктоо туура эмес" деп жазды.
"Рита Карасартованын камалышы укук коргоочу катары, сыртта жүргөн саясатчынын катын коомчулукка чыгаргандан кийин, бийлик ошол адамды табуу үчүн Ританы пайдалангандардай таасир калтырды. Кылмыш иши анын өз ишине эмес, ошол саясатчынын айланасындагы окуяга байланыштуу ачылгандай сезилет. Укук коргоочуларга басым жасап, аларды куугунтуктоо — туура эмес жана адилетсиз".
Ички иштер министрлиги Карасартованын кармалышына байланыштуу комментарий бере элек.
Анын бөгөт чарасы сотто 16-апрелде каралышы мүмкүн экени айтылууда.
Кудайберген уулу кайда?
Соңку күндөрү Тилекмат Кудайберген уулунун айланасындагы окуя өнүгүп, коомчулуктун кызыгуусун жаратууда. Тагыраагы, соңку учурда Дубайда жашап жүргөнү айтылган активист 10-апрелден бери дайынсыз болуп жатканын жакындары социалдык баракчаларга жазышкан.
Мындан көп өтпөй 14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Тилекмат Кудайберген уулу менен байланышып, Кыргызстанда массалык баш аламандык уюштурууга шек саналган эки адам кармалганын билдирген.
Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында массалык баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Чүй милициясы шектүү менен Куреновдуку делген сүйлөшүүнүн аудио жазуусун жарыялады.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 47 жаштагы тургуну (С.Ф.) кармалган. Андан тышкары Ош облусунун Кара-Суу районунун 27 жаштагы (М.О. аял киши) жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага “кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө каражатты легалдаштырууга, банктык операцияларды жүргүзүүгө жардам берген жана Тилекмат Кудайберген уулунун башка адамдардын чагымчыл видеолорун социалдык тармактарда фейк аккаунттар менен жайылткан” деген айып тагылууда.
Активист жана кармалган шектүүлөрдүн адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.
Милициянын маалыматына ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригип, Чүй облусунда жана өлкөнүн башка аймактарында жапырт баш аламандыктарды, нааразылык акцияларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Активист жана кармалган шектүүлөрдүн адвокаттары, жакындары бул боюнча комментарий бере элек.
13-апрелде анын жубайы Белек Бактыбекова Фейсбуктагы баракчасына жолдошу дайынсыз болуп жатканын жазган эле. Ал жолдошу 10-апрелден бери байланышка чыкпай атканы "Азаттыкка" ырастады.
"10-апрелде бизде, Америкада жаңы таң атып жатканда, аларда, Дубайда кечки төрт жарым болчу. Мен кызымды бала бакчага алып бараткам. Ошондо чалышканбыз, ал (Тилекмат - ред.) мен мечиттемин, аср намазын окуп чыктым, азыр кирип шам менен куптанды окуп алып анан үйгө барам деген. Мен кызымды таштап, жумушта болдум. Үч сааттан кийин жазган СМС жетип, бирок ачып окуган жок. Бир сааттан кийинг чалсам интернети өчүк экен. Дароо эле чогуу жашаган балдарга чалып, Дубайдагы түз номуруна чалып берип койгулачы деп сурандым. Алар чалса да өчүк экен. Алар үйгө келген жок, эртең менен көргөнбүз деди. Ошол бойдон дайыны жок болуп жатат", - деди жубайы Белек Бактыбекова.
Куреновдун жубайы эки баласы менен Америкада жашай турганын, күйөөсү жок болуп жатканы тууралуу Дубайдын полициясына онлайн арыз жазышканын, бирок жооп ала электигин билдирди.
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет.
Эми дал ушул окуя өнүгүп, Карасартованын кармалышына алып келди.
Мугалимдиктен башталган ишмердүүлүк
49 жаштагы Рита Карасартова Кыргызстанда белгилүү укук коргоочу жана жарандык активист. Ал 2010-жылдардан соң саясий турмушка активдүү катышып келе жатат. Ага чейин Улуттук университте мугалим эмгектенген. Кийин Карасартова "Коомдук иликтөө институту" деп аталган уюм түзүп, өлкөдөгү сот реформасынын жүрүшү, бул тармактагы мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча долбоорлорду ишке ашырган. Ал көп жылдардан бери сот, адам укуктары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу кемчиликтерди ачык айткан активист катары таанылган.
2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкер болгон, бирок Борбордук шайлоого комиссиясы ал чогулткан кол тамгалардын бир бөлүгү деп жараксыз деп табылганына байланыштуу анын талапкерлигин каттоодон баш тарткан.
2019-жылдан соң Рита Карасартова кыска мөөнөттө Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигин жетектеген.
Карасартова 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын тизмеси менен барган.
2022-жылы “Кемпир-Абад иши” боюнча камакка алынган 25тен ашык адамдын катарында камалып, сегиз айга жакын тергөө абагында отурган. Былтыр июнда бул иш боюнча айыпталгандардын баарын сот актаган.
Amnesty International эл аралык уюмунун активисттери жана тарапкерлери глобалдык “Каттар марафону” (Write for Rights) өнөктүгүнүн алкагында Карасартовага тагылган айыпты алып салууну талап кылган дээрлик жарым миллион кол тамга чогулткан. Уюм тараткан маалыматта активистке тагылган “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып ойлоп табылганы жазылган.
Соңку учурда Рита Карасартова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомдогу окуяларга пикирин билдирип, бийликтин айрым аракеттерин сынга алып келген.
Кудайберген уулу ким?
Тилекмат Кудайберген уулу 2022-жылдын октябрь айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Ал Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келет. Буга чейин АКШда жүргөнүн айткан. 2024-жылы ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарына барып, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев менен жолукканын кабарлаган. Андан кийин эле паспортун уурдатып жибергенин айтып, Жамгырчиевди күнөөлөгөн. Мурдагы депутат аны четке каккан. Ушул окуядан бери Дубайда жашап жаткан.
Буга чейин Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту 2021-жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Активист жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу 2022-жылы эркиндикке чыккан. Ал коюлган айыптарды четке каккан.
Тилекмат Куреновдун аты буга чейин "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дагы аталган. 2024-жылдын 9-январында социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.
Бир күндөн кийин, 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Атайын кызмат Имамидин Ташов тергөө абагында отурганда издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган. Ар кайсы аймакта алардын ондогон тарапташтары аныкталып, суракка алынганын билдирген.
Шерине