Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:53

Ереванда полиция кызматкерлери барымтага алынды


Ереван, Армения
Ереван, Армения

Еревандагы эл жыш отурукташкан Эребуни районундагы полиция имаратын куралчан адамдар басып алды. Мунун айынан бир адам өлүп, бир нече адам жараат алганын “Азаттыктын” армян кызматы маалымдады.

Полиция учурда куралчан адамдар ээлеп турган имаратты курчоого алды.

Куралдуу топ ушу тапта полициянын алты кызматкерин барымтада кармап турганы айтылууда. Полиция имаратына барган парламент депутаты Николай Пашиняндын билдиришинче, барымтага алынгандар арасында Армения полициясынын жетекчисинин орун басары, генерал-майор Вартан Егиазарян бар.

Кол салгандардын бири катуу жараат алган. Бир полиция кызматкери (айрым булактар эки адам деп айтышууда) медициналык себепке байланыштуу бошотулган.

Армениянын президенти Серж Саргсян өз резиденциясында тартип сакчыларын чогултуп, барымтадагы адамдарды куткаруу боюнча чукул жыйын өткөргөнү маалым болду.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, чогулушка келгендер Еревандагы куралдуу кол салуу тууралуу акыркы маалыматтарды беришти. Тартип сакчылары абал толук көзөмөлдө экенин, анын чечилишине керектүү бардык чаралар көрүлгөнүн айтышкан.

Жекшембинин таңында отуздай куралчан адам полициянын кайгуул-күзөт кызматынын короосуна оор жүк ташуучу машине менен кирип барган.

Ереванда полиция имараты барымтага алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00

Кол салгандар “Негиздөөчү парламент” аттуу жарандык-оппозициялык демилгенин координатору Жирайра Сефилянды бошотууну талап кылышууда.

Жирайра Сефилиян
Жирайра Сефилиян

Сефилян курал жана маңзат сактаган деген айып менен июнь айында камакка алынган. Ал мамлекеттик төңкөрүш уюштурмак деп да шектелүүдө.

“Негиздөөчү парламент” демилгеси тараткан билдирүүсүндө “өкмөттү кетирүү” жана “саясий туткундарды бошотуу” үчүн “көтөрүлүш башталды” деп айтышкан.

"Негиздөөчү парламентте" Карабак согушунун ардагерлери да бар жана алар буга чейин Армениянын президенти Серж Саргсяндын отставкасын талап кылып акция өткөрүшкөнү маалым. Бул уюм бийликтин Карабак боюнча саясатын кескин сындап келет.

Учурда Эребуниге кошумча полиция жана аскер күчтөрү тартылды. Жашоочулардын жарымы эвакуация болду, полиция штабынын имаратына бет маңдай жайгашкан үйлөрдө снайперлер отурат.

Операцияны Армения полициясынын башчысы Владимир Гаспарян жетектеп жатат.

Расмий бийлик кырдаал көзөмөлдө экенин айтууда.

Айрым маалыматтарга караганда, имарат ичинде 25 чакты адам бар.

Түз берүү

XS
SM
MD
LG