Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Апта: Жолдогу өлүмдөр, өкмөт отчетундагы сандар


Узап бараткан аптада жол кырсыктары темасы жарандык активисттерден тарта өкмөт башчынын деңгээлине чейин көтөрүлдү. 25-апрелде жарандык активисттер онлайн-петиция баштады, анда бийликке алты ай ичинде аткарылышы керек деген беш пункттан турган талап коюлган.

Алар “Коопсуз шаар” долбоорун ишке берүү, Бишкек жана Ош шаарларындагы көчөлөрдө жол кыймылынын эрежелерин тартып алган камераларды иштетүү, ИИМдеги реформаларды коомго ачык жарыялоо, Патрулдук милициянын бардык кызматкерлерин штаттан чыгарып, аларды сынактын негизинде тандоо, айдоочу күбөлүгүн берүүдө ачык-айкындуулукту камсыздоо, жол кырсыгы жана жол эрежелерин бузгандар боюнча соттордун чечимин ай сайын элге жарыялоо талаптары.

Жарандык активист Мирсулжан Намазалиев Чыгыш Европанын реформасын мисалга алып, "өкмөткө үч ай эмес алты айда ишти аткаргыла деп убакыт берип жатабыз" - деди Бишкекте өткөн маалымат жыйында.

21-апрелде Бишкекте айдоочу эки окуучуну коюп кеткенден кийин жол кырсыктары кайрадан коомчулуктун назарын бурду. "Мерседес-Бенц" автоунаасы 3-класстын эки окуучусун сүзүп, балдар оор абалда ооруканага жеткирилген. Ушул тапта алардын бири толук эсине келе албай жатат. Балдарды сүзгөн айдоочу буга чейин да жол кырсыгында бири кишини тебелеп, ал каза тапканы белгилүү болду.

Активисттер жол кырсыгына каршы козголду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00

26-апрелде өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жыйын куруп, жол коопсуздугуна байланыштуу токтоосуз чараларды көрүүнү тапшырды.

"Жол кырсыгынын 86 пайызы айдоочулардын айынан болууда. Анткени аларда жоопкерчилик жок. Эмне үчүн? Себеби, аларды катуу көзөмөлдөгөн орган жок. Патрулдук милицияны түздүк. Айып пулдардын өлчөмүн жогорулаттык. Бирок анын баары биз каалагандай натыйжа бербеди" - деген өкмөт башчы эки мектеп окуучусун сүзүп кеткен окуяны көйгөйдүн жеткен чеги деп баалады.

Ички иштер министрлиги 2017-жылдын өткөн үч айында өлкөдө 1169 жол кырсыгы катталып, 148 адам каза таап, 1686 адам ар кандай жараат алганын билдирди. Алардын арасында эки жүздөн ашуун жол кырсыгында балдар жабыркаган, сегиз жеткинчек каза таап, 221 бала жараат алган. Бул былтыркы жылдын үч айындагы көрсөткүчтөн 13 пайызга өскөнүн көрсөтөт.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда катталган автоунаанын саны 1 миллион 200 миңге чукул. Жолдордун абалы, жол белгилери, жабдуу маселеси курч бойдон. Адистер ушул нерселер эффективдүү чечилсе жол кырсыктарын 30 пайызга чейин кыскартса болорун белгилешет. Автокырсыктар боюнча Кыргызстан дүйнөдө Африканын бир катар өлкөлөрү, Иран, Ирак жана Таиланддан кийинки орунда турат.

Өкмөттүн отчету: Сандардагы өсүш, киреше жок

27-апрелде Жогорку Кеңеште премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү жылдык отчетун тапшырды. Депутаттар негизинен инвестициялык долбоорлор, туристтик тармакты өнүктүрүү, жол-транспорттук инфраструктура, коррупцияга каршы күрөш, энергодолбоорлорду ишке ашыруу, бизнести өнүктүрүүгө байланышкан суроолорду беришти.

Премьер Жээнбеков 2016-жылдагы өкмөттүн планы 90%, ал эми мамлекеттик программалар 78% аткарылды деп билдирди. Калктын өкмөткө ишеними жогорулаганын айтты. Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында өзүнчө иш-аракеттердин планы бекитилгенине токтолду. Башкы жетишкендик катары Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин ичинен Кыргызстан ички дүң продукциясынын өсүү темпи боюнча лидер экенин, алдыда көптөгөн кызыктуу долбоорлор турганын белгиледи.

Премьер Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду көп ишкерлерди колдогонун айтып, "кызыктуу жана перспективдүү долбоорлордун финансылык булагына айлана турган Кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү маселеси каралып жатканын" айтты. ​

Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.
Сооронбай Жээнбеков баштаган өкмөт мүчөлөрү.

Өкмөт башчынын отчетун уккан парламентарийлер арасында сындагандар менен мактагандар да болду. Оппозициялык эки фракция отчеттогу сандардын аныктыгы күмөн жаратарын, стратегиялык долбоорлор ордунан жылбай турганын, коомчулук өкмөттөн реформаларды күтөөрүн айтып, отчетту “канааттандырарлык эмес” деп баалашты.

Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жээнбеков жетектеген өкмөттү "функционалдык жана саясий жактан алсыз" деп баалап, премьер-министрди референдум, Кумтөр маселесинде эч бир позициясын көрсөткөн жок, жыл башындагы авиакырсык боюнча ушул күнгө чейин эч кандай маалымат берген жок деп сындады.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов “кагаздагы киреше менен банктагы эсептин айырмасы асман менен жердей” десе, социал-демократтардын фракциядагы лидери Иса Өмүркулов өкмөттү коркпой насыя алып, аны инфраструктурага, коммуникацияга жана башка керектүү багыттарга жумшоого кеңеш берди.

Жогорку Кеңеште өкмөт жылдык отчетун берип жатканда парламенттен тышкары оппозициячыл саясатчылар экономикалык абалды талкуулады. Эсеп палатасынын мурдагы төрайымы Элмира Ибраимова өз баяндамасында "экономикада өсүш болсо, эмнеге бюджеттин кирешеси көбөйгөн жок" деп суроо койду.

- Экономиканын негизги тармактары болгон өнөр жай 5%, курулуш 7% өскөн. Бирок бюджеттин киреше бөлүгү 2015-жылга салыштырмалуу 0,1% түзүп жатат. Анда ошол өсүштөн түшчү акча кайда? - деген деген Ибраимова 2016-жылдын бюджети "өлкөнү жакырланткан бюджет" болду деп анализдейт.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев 2016-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирип, саясий эркин билдиргени менен чарбалык-инфраструктуралык жагынан даярдыгы жок экенин көрсөттү дейт. Учурда 700 миңдей кыргызстандык мигранттар Орусияда иштеп жүргөнүн белгилеген экс-премьер өкмөт өз жарандарын өз өлкөсүндө кармап калуунун жолун издебей жатканына токтолду.

- Биздин жигит-кыздарыбыз өз элинде жашап, жумуш кылып, бакубат жашоосу үчүн иштегенге өкмөт шарт түзгөн жок. Өкмөт ушул тапта биз Орусияда мигранттарыбызга жакшы шарт түзүп бердик менен гана алек, - деген Муралиев Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктен пайдаланып, Орусиянын, Казакстандын, Армениянын, Беларустун базарына бир топ продукция чыгарып, инвестиция тартып, алар менен тыгыз иштешсе, экономика аксабайт, аны менен экономиканын өсүүсүн 3-4% сактап калууга болот деп белгилейт.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

Дүйнөдө сөз эркиндигине коркунуч күчөдү

Өтүп бараткан аптада дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалын аныктаган баяндамалар удаалаш жарыяланды. "Журналисттерди коргоо комитети", "Чек арасыз кабарчылар" жана "Фридом Хаус" уюмдары басма сөз эркиндиги күнүн утурлай жарыялаган жылдык докладдарында медиага жана журналисттерге коркунучтар көбөйүп жатканын айтып коңгуроо какты.

28-апрелде чыккан “Фридом Хаус” уюмунун уюмунун докладында жер шарындагы элдин 13% гана маалымат каражаттары эркин өлкөлөрдө жашайт деген жыйынтыкка келген. "Медиага жана журналисттерге кысым айрым демократиялык өлкөлөрдө да байкалууда" - деп айтылат докладда.

Дүйнөнүн 199 өлкөсүндөгү абал анализделип, авторлор басма сөз эркиндиги соңку 13 жылдын ичинде эң төмөн деңгээлге түшүп кеткен деген тыянакка келишет. Ушу тапта дүйнөдөгү калктын 13% гана пресса эркин мамлекеттерде жашайт.

Ал эми изилденген өлкөлөрдүн 42% маалымат каражаттары “жарым жартылай эркин”, 45инде “эркин эмес” болуп чыкты.

Баяндамада авторитардык режимдер прессаны куугунтуктоону улантып, айрым жерлерде күчөтүшкөнү, кээ бир демократиялык мамлекеттерде болсо медиа каражаттарга ар кыл жолдор менен таасир этүү аракеттери көрүлгөнү айтылган.

"Фридом Хаустун" докладында сөз эркиндиги жагынан Евразия эң начар чөлкөм бойдон калган. Аймактан бир да өлкө “эркин” деген топко кирбей калган. Калктын 77% “эркин эмес” делген өлкөлөрдө жашайт. Борбор Азиядагы мурдагы советтик жумурияттардын бешөө тең Армения жана Азербайжан менен катар “эркин эмес” деген топко камтылган.

26-апрелде баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” 2017-жылдагы дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин көрсөтүчтөрүн жарыялады. Буга чейин сөз эркиндигини абалы «жакшы» же «жарым жартылай жакшы» деп саналган өлкөлөр өткөн жылы артка кетип, демократиянын үлгүсү болгондордо да кырдаал начарлаганын көрсөтөт. Маселен, 180 өлкөнүн ичинде 22-орунда турган Канада төрт тепкич, 43-орундагы Кошмо Штаттар дагы эки баскычка артка чегингени, алтургай дайым сап башындагы түндүктөгү өлкөлөр дагы бир нече баскычка ылдыйлаганы көрсөтүлөт.

«Демократиялык өлкөлөрдө өз жарандарын коргойбуз деген жүйө менен фундаменталдуу эркиндикти жок кылуу тобокелчилиги бар” – дейт “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун баш катчысы Кристоф Делор.

Уюмдун тизмесинде Орусия, Беларус, Казакстан жана Түркмөнстан сөз эркиндиги “начар” өлкөлөр тобуна кирсе, Кыргызстан, Грузия, Армения, Молдова жана Украина “көйгөйлүүлөрдүн”, ал эми Азербайжан, Иран жана Өзбекстан болсо “өтө начар” деген топко кирген.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” маалымат айдыңындагы жаңы технологиялар цензураны азайтканы менен, репрессивдик бийликтердин куралына айланганын, дүйнө жүзүндө абакка түшкөн жана өмүрүнөн айрылган журналисттердин саны өсүп баратканын 25-апрелде чыккан баяндамасында эскертти.

“Дүйнөнүн көп жеринде зордук-зомбулук, репрессия. Ошондуктан журналисттер үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй коркунучтуу жана кандуу кез келди” – деп белгиледи “Журналисттерди коргоо комитетинин” аткаруучу директору Жоэл Саймон.

Жоэл Саймон.
Жоэл Саймон.

Өткөн жылы 259 журналист абакка түшкөн. Бул 1990-жылдан берки жогорку көрсөткүч. Соңку беш жылда дүйнөдө 332 журналист өлтүрүлгөнү буга чейинки 28 жыл ичинде болбогон көрсөткүч экени белгиленет.

Саймон “бийликтер маалыматтын күчүн сезгендиктен, сөз эркиндигине тикелей чабуул коюп, журналисттерди ооздуктоо үчүн маалыматты башкарууга, көзөмөлдөөгө жана өз кызыкчылыгына пайдаланып”, репрессивдүү режимдер жаңы технологияларды өз куралына айлантканын белгилейт. Социалдык сайттар жайылып, смартфондор элдин колуна кеңири тийгени менен демократиялык эмес режимдер жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге каршы чараларды активдештиргени айтылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG