Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:11

Абактан түшкөн коркутуу, прокуратуранын жүйөсү


Асел Ногойбаева.
Асел Ногойбаева.

Мурдагы күйөөсүнөн зомбулук көргөн Асел Ногойбаева эки апта мурда мурдагы күйөөсү абактан уюлдук телефондон коркуткан каттарды жазып жатканын билдирип, адвокаты Индира Саутова атайын прокуратурага арыз берген.

Бирок Саутова башкы көзөмөл орган териштирүүнү Атайын прокуратурага эмес, Жаза аткаруу кызматына бергенин айтып, нааразылык билдирүүдө. Ал эми башкы көзөмөл органы тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатканын айтууда.

Атайын прокуратура Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөткөн мурдагы күйөөсү, абактагы Азамат Эстебесовдон уюлдук телефон аркылуу келген билдирүүлөрдү териштирүүнү Жаза аткаруу кызматына өткөрүп берди.

Адвокат Индира Саутова жабырлануучу тарап прокуратуранын бул кадамына нааразы экенин айтты:

Индира Саутова
Индира Саутова

“Атайын прокуратурага кайрылгандан кийин өздөрү териштирүү жүргүзбөй, кайра эле Жаза аткаруу кызматынын тергөөсүнө берип, кызматкерлердин үстүнөн иликтөө жүргүзүүнү, коркутуу боюнча кылмыш курамынын бар же жогун аныктоону тапшырды. Тергөөгө бизди да чакырды, сурак бердик. Азыр лингвистикалык экспертиза дайындалды. Анын сөздөрүндө кылмыштын бар же жогун ушул экспертиза аныктайт. Учурда корутундуну күтүп жатабыз. Биз Атайын прокуратурага нааразыбыз. Жаза аткаруу кызматына бербей эле иликтөөнү өздөрү эле жүргүзсө болмок. Анткени биз телефонду өздөрүнүн эле кызматкерлери киргизген болушу мүмкүн деп ишенбөөчүлүк көрсөтүп жатпайбызбы”.

Атайын прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча “Азаттыкка” комментарий берип, тергөөгө чейин текшерүү жүрүп жатканын, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалганын, ал эми Жаза аткаруу кызматында кызматтык териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

"Атайын прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат. Соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Ошол экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет. Азыркы учурда анын жыйынтыгы күтүлүп жатат. Ал эми Жаза аткаруу кызматында ички кызматтык тартипти аткаруу боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө", - деп билдирди Атайын прокуратуранын басма сөз кызматы.

Буга чейин Асел Ногойбаева Эстебесов абактан уюлдук телефондон кат жазып жатканын билдирип, мурдагы жолдошу жазды делген билдирүүлөрдүн скриншотторун Instagram баракчасына жарыялаган. Анда Эстебесов “абактан качып чыксп болорун, башка өлкөгө чыгып кетерин” да айткан.

Асел Ногойбаеванын Instagram баракчасына жарыялаган посту:

9-июлда адвокат Индира Саутова №3 абакта жаткан Азамат Эстебесов Асел Ногойбаевага телефон да чалганын, буга чейин да ушундай эле каттарды жазганын айтып, окуя боюнча Атайын прокуратурага арыз берген. Кыргызстанда жабык жайларда телефонго жана башка байланыш каражаттарына уруксат берилбейт.

Мурдагы акыйкатчы, юрист Атыр Абдрахматова убактылуу жабык жайларда кармалып отурган адамдардын жакындары менен байланышууга болгон укуктарын камсыздоодо коопсуздук жоболорун тыкыр сактап, жабырлануучу тарапты опузалоого жол берилбеши керектигин айтууда.

Ал эми Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнүн мындай аракети үчүн жаңы кылмыш ишин ачууга жана буга жол берген тиешелүү тараптардын жоопкерчилигин кароого негиз бар деп эсептейт:

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

"Бул боюнча аңдып, коркутуу сыяктуу иш-аракеттери үчүн тиешелүү беренелер менен экинчи, жаңы кылмыш ишин козгош керек. Азыр бир кылмыш боюнча соту бүтөт. Азыркы кыймыл-аракетинин ага тиешеси болбойт, өзүнчө кылмыш ишин козгош керек. Андан кийин атайын мекемеде тартип сакталбаганы үчүн да тийиштүү тараптар жоопко тартылышы зарыл. Тартипти орнотуу үчүн мыйзамды сактоо жана эрк керек".

2023-жылы 20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган.

Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон. Сокулук райондук сотунун судьясы Эстебесовду “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

Быйыл 26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту Эстебесовду 20 жылга абакка кесип, аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG