Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:40

"Көрүүсү начарлап, өзү алсырап турат". Абактагы Султанбековдун абалы кандай?


Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 15-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту.
Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер. 15-ноябрь, 2024-жыл. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту.

Жыйырма алты күндөн бери абакта ачкачылык кармап жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун жакындары анын саламаттыгына тынчызданып, өлкө жетекчилерине кайрылды. Азырынча бийлик Социал-демократтардын камактагы лидери боюнча комментарий бере элек.

"Баламды токтот деп жатам"

Темирландын атасы Медетбек Султанбеков буга чейин өлкө жетекчилерине видео аркылуу жана жеке кат түрүндө дагы кайрылганын белгилеп, баласынын ачкачылык акциясын токтотпой жатканына тынчызданууда.

"Жыйырма алты күн". Абактагы Султанбеков ачкачылык кармоону улантууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

Ал баласы Султанбеков бейкүнөө жатканын айтып, абактан бошотууну өтүнөт.

“Мага саясаттын эч кандай кереги жок. Мен баламдын ачкачылыгын эптеп токтотушум керек. Адвокат аркылуу сүйлөшүп, балама дагы кат жазып, “ачкачылыкты токтотушуң керек” деп айтып жатабыз. Балам бул механизм менен өлкө жетекчилеринин көңүлүн бурдурам деп жатат. Жыйырма алты күндөн бери көңүл бурулбай жатканына сарсанаамын”, - деди атасы.

Жактоочулар тергөө абагындагы Темирлан Султанбеков суу жана күнүнө 100 граммдай шире (сок) эле ичип жатканын билдирүүдө. 6-декабрда аны менен жолугуп чыккан адвокат Айбек Турдуев саясатчынын ден соолугу бир топ начарлаганын айтты:

Айбек Турдуев.
Айбек Турдуев.

“Азыркы учурда ал суу гана ичип жатат. Бир аз энергия алыш үчүн күнүнө болжол менен 100 граммдай шире ичип жатат. Биз "Аралаш" суусундугун алып баралы дегенбиз. Бирок мекеме администрациясы мүмкүнчүлүк берген жок. Ден соолугу жөнүндө так айта албайбыз. Жума күнү тергөөдө беттештирүү маалында Темирлан өзүн жаман сезип, "Тез жардам" чакырып, алар үстүртөдөн текшерүү жүргүздү. Алар Султанбеков айтып жаткан симптомдорго жооп бере алышпайт, анткени жакшыраак текшерүү керек. Кечинде колуна бир нерсе чыгып, күндүз бир аз жок болуп кетет экен. Көзү начарлады, өзү алсырап турат. Жыйырма алты күндөн бери ачкачылык кармап жатканы тынчсыздандырууда. Бул улана берсе, жыйынтыгы жаман болот", - деди жактоочу.

Жаза аткаруу кызматы Султанбеков 7-декабрда комплекстүү медициналык текшерүүдөн баш тартуу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенин билдирди. Мекеме ал тамак-аш ичпей, ачкачылык кармоо ден соолугуна зыян экени тууралуу эскертүүлөргө көңүл бурбай жатканын кошумчалады.

“Темирлан Султанбеков №1 тергөө абагынын медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ал суу, шире (сок) жана максым ичип жатат. Мекеменин жетекчилиги ага түшүндүрүү иштерин улантууда”, - деп айтылат маалыматта.

Өлкө жетекчилери Султанбековдун жакындарынын кайрылууларына үн ката элек. Буга чейин кылмыш иши боюнча президенттин администрациясы "саясий боёк жок" деп билдирген.

Айрым жергиликтүү укук коргоочулар, саясатчылар Султанбековду ачкачылык акциясын токтотууга чакырып жатат.

Саясатчы Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасына буларды жазды:

“Ал кылмыш жоопкерчилигине тартылышына каршы экенин узак мөөнөттүү ачкачылык акциясы менен ачык көрсөттү. Эми сот процесстерине чейин күчүн сакташы керек. Мен өз тажрыйбама таянып айтып жатам. Мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылганыма каршы болуп, 19 күн ачкачылык кармагам. Анда мени Аскер соту толук актаган. Мен иштин бардык жагдайларын жана тергөөчүдө кандай материалдар бар экенин билбейм, ошондуктан коюлган айыптоо боюнча өз позициямды айта албайм. Баарына сот чекит коёт”, - деп жазды.

Жарандык активист Адил Турдукулов Султанбековдун бир айга чукул убакыт ачкачылык кармап жатышын акыйкаттыкка жетүү үчүн акыркы чарасы деп эсептейт. Турдукулов анын саламатыгына бийлик жооптуу болорун айтып, реакция кылышы керек деди.

“Сөзсүз түрдө буга реакция жасалышы керек. Анткени Султанбеков аргасыздан буга барып жатат. Өзүнүн өмүрүн, ден соолугун тобокелге салууда. Буга чейин деле жабык жайлардан саламаттыгы жабыркаган, ал эмес өлүм болгон учурлар бар. Ал жактан анын ден соолугуна толук кам көрүлөт дегенге анча ишенбейм”, - деди Турдукулов.

Султанбеков абактан өлкө жетекчилерине адвокаты аркылуу бир нече жолу кат жолдоп, акыйкаттык болбой жатканын, конституциялык укугу бузулганын айткан.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков камалгандан бери Европа парламентинин айрым мүчөлөрү баш болгон бир катар эл аралык уюмдар дагы анын укуктарынын сакталышы жөнүндө билдирүү жасаган.

Бишкек шаардык соту 2-декабрда Свердлов райондук сотунун 15-ноябрдагы Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган чечимин күчүндө калтырган.

Алар “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине айыпталып жатат. Шектүүлөр айыптоолорду четке кагып, саясат менен байланыштырат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишине жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен болчу.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Шерине

XS
SM
MD
LG